Кыргызстандык балбан күрөш боюнча дүйнө чемпиону аталды

© Фото / официальный сайт Объединенного мира борьбыКыргызстандык балбан Каныбек Жолчубековдун архивдик сүрөтү
Кыргызстандык балбан Каныбек Жолчубековдун архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Дүйнөлүк биринчилик Түркиянын Чорум шаарында өтүп жатат. Акыркы беттешүүлөр эртеңкиге белгиленген.

БИШКЕК, 30-окт. — Sputnik. Кыргызстандык балбан Каныбек Жолчубеков грек-рим күрөшү боюнча студенттер арасындагы дүйнөлүк мелдеште алтын медалга ээ болгонун чемпионаттын расмий сайтына жарыяланды.

Чемпионате мира по самбо в Хорватии - Sputnik Кыргызстан
КР самбочусу Хорватияда өткөн ардагерлер арасында дүйнө чемпиону аталды
Түркиянын Чорум шаарындагы чемпионат 26-октябрда башталып, эртең жыйынтыкталат. Ал эми Жолчубеков килемге 29-октябрда 59 килограммга чейинки салмак категориясында беттешти. 

Эки ирет катары менен жеңишке жетишкен кыргызстандык балбан жарым финалда россиялык спортчу менен таймашты. 5:2 эсебинде атаандашын утуп алган Жолчубеков алтын медаль үчүн ирандык Фаршад Исвандмахмуди менен күрөшүп, аны 7:2 эсебинде жеңди.

Чемпионаттын алгачкы күнүндө кыргызстандан барган балбан кыз Мадина Надирова 48 килогарммга чейинки салмак категориясында күч сынашып, коло медалга ээ болгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0