БИШКЕК, 27-сен. — Sputnik. Кыргызстан менен Ливандын ортосундагы футбол боюнча достук беттеш дүйнө жүзүндөгү бардык үй-бүлөлөргө арналат. Бул тууралуу КРдин Футбол федерациясы билдирди.
Демилге БУУнун Балдар фонду тарабынан сунушталып, жактырылган. Эске сала кетсек, Кыргызстан — Филиппин беттеши майып балдарга арналган эле.
Кыргызстан курамасы менен Ливандын оюнчулары 6-октябрь күнү саат 20:30да Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо беттешет. Билеттер 30-сентябрдан тартып сатыкка чыгат.