БИШКЕК, 14- сен. — Sputnik. Кыргызстандык Жыргалбек Орозбаев Рио-де Жанейродо өтүп жаткан Паралимпиада оюндарында пауэрлифтинг боюнча 6-орунга ээ болду. Бул тууралуу Оюндун расмий сайтында кабарланды.
Орозбаев 107 килограммдык салмак категориясында чыккан. Биринчи аракетинде ал 203 килограммдык штанганы көтөргөн, андан кийин эки ирет 211 килограмм салмагын көтөрүүнү көздөп, бирок ою ишке ашкан эмес. Жыйынтыгында 203 килограмм салмагындагы штанганы көтөргөндүгү үчүн 6-орунга татыган.
Алтын медалга 238 килограммдык штанганы көтөрүп грециялык спортчу Павлос Мамалос татыган. Ал эми күмүш медалды египеттик Мохамед Ахмед (233 кг), коло медалды ирандык спортчу Али Садехзадесалмани (226 кг) илип кетишти.
Буга чейин кыргызстандык спортчу Эсен Калиев пауэрлифтинг боюнча 5-орунду багындырган.
Пауэрлифтинг – бул штанганы жаткан абалда көтөрүүчү спорттун түрү. Ал эми Паралимпиада оюндары 18-сентябрда соңуна чыгат.