Паралимпиададан 5-орун алган Эсен Калиевге 1 млн. сом берилет

© REUTERS / PILAR OLIVARESРио-де-Жанейро шаарында өтүп жаткан Паралимпиада оюндарында пауэрлифтинг боюнча 5-орунду алган кыргызстандык спортчу Эсен Калиев
Рио-де-Жанейро шаарында өтүп жаткан Паралимпиада оюндарында пауэрлифтинг боюнча 5-орунду алган кыргызстандык спортчу Эсен Калиев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Калиев 54 килограмм салмактык категорияда мелдешке чыгып, 154 килограммдык штанганы көтөрдү.

БИШКЕК, 10-сен. — Sputnik. Рио-де-Жанейро шаарында өтүп жаткан Паралимпиада оюндарында пауэрлифтинг боюнча 5-орунду алган кыргызстандык спортчу Эсен Калиевге бир миллион сом өлчөмүндө сый акы берилет.

Паралимпиада катышуучусу Эсен Калиев (төртүнчү сол жактан). Архив - Sputnik Кыргызстан
Паралимпиада катышуучусу Эсен Калиев: операциядан кийин 9 жашымда баскам
Эскерте кетсек, өкмөттүн токтомуна ылайык, алтын медаль алган паралимпиадачы жети миллион сом алса, күмүш медалдын ээсине беш миллион сом каралган. Ал эми үчүнчү орунду алган спортчуга 3,5 миллион сом сыйлык берилет. Төртүнчү орунга — эки, бешинчи орунга — бир миллион, алтынчыга — 900 миң, жетинчиге — 800 миң жана жетинчи орунга — 700 миң сом бөлүнгөн. 

Паралимпиада оюндарында Калиев 54 килограмм салмактык категорияда мелдешке чыгып, 154 килограммдык штанганы көтөрдү. 

Ал эми жалпы жонунан Риого Кыргызстандан үч спортчу — Эсен Калиев, Жыргалбек Орозбаев (пауэрлифтинг) жана Арстанбек Базаркулов (жеңил атлетика) барган.

Паралимпиада оюндары — ден соолугу боюнча мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарын спорттук мелдеши. Мында спорттун 22 түрү боюнча 528 медалдын комплектиси ойнотулат

Жаңылыктар түрмөгү
0