ДКО: бүгүн жаачылар менен балбандардын мыктысы аныкталат

Жазылуу
Шаршемби күнү көк бөрү боюнча коло медалдын ээси аныкталып, спорттун дагы сегиз түрү боюнча жеңүүчүлөр белгилүү болот.

БИШКЕК, 7-сен. — Sputnik. Бүгүн, шаршемби күнү Көчмөндөр оюнунун этаптары аяктап, финалдык беттешүүлөр башталат.

Алгач көк бөрү оюну боюнча коло медаль үчүн Кытай менен Башкыртстандын улакчылары беттешет. Саат 11ге чукул жеңүүчү аныкталат. 

Андан соң ордо менен эр эңиш өтүп, финалдык таймаштар 11.00дөн 13.00гө чейин болот. 

  • Саат 13.30дан 15.30га чейин жаа атуу менен жирит боюнча мелдештер тартууланат. 
  • Саат 16.00дөн 18.00гө чейин тогуз корголдун чеберлери аныкталат. 
  • Саат 17.00дөн 18.00гө чейин алыштын финалдык беттешүүлөрү болот. 

Көк-бөрү катышуучулары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Биринчи орунга чыккан Кыргызстан жана дүйнөлүк рекорд: көчмөндөрдүн үчүнчү күнү жыйынтыкталды
Бүгүнкү программаны мангала боюнча финалдык оюн жыйынтыктап, ал саат 20.30дан 21.00гө чейин өтөт.

II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 8-сентябрга чейин уланат. 

Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги жана радиосу Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын расмий медиа өнөктөшү болуп саналат.

Жаңылыктар түрмөгү
0