БИШКЕК, 30-авг. — Sputnik. Кыргызстан — Казакстан курама командаларынын футбол боюнча жолдоштук беттеши Бишкектеги жарылууга карабастан өтө турганын КР Футбол федерациясынын маалымат кызматы билдирди.
Шейшемби күнү эртең менен Кыргызстандагы Кытай элчилигинде жарылуу болгон. Жан кечти автоунаа менен элчиликтин имаратынын дарбазасын сүзүп, жарылып кеткенин вице-премьер Жеңиш Разаков маалымдады.
Футбол федерациясы беттеш токтотулбаганын жана укук коргоо органдары менен дайыма байланышта болуп жатканын билдиришти. Милиция стадиондун аймагын тыкыр көзөмөлгө алат.
Оюн бүгүн саат 20.00дө Бишкек шаарындагы Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо өтөт.