Казакстан жана Филиппин командалары менен беттешчү КРдин футболчулары аныкталды

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргызстандын футболчулары машыгуу учурунда. Архив
Кыргызстандын футболчулары машыгуу учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Спортчулар машыгууну 25-августта башташат. Ар бир курама командада 23 футболчу бар.

БИШКЕК, 23-авг. — Sputnik. Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасынын башкы машыктыруучусу Александр Крестинин Казакстан жана Филиппин командалары менен ойной турган футболчулардын тизмесин ачыкка чыгарды. 

Маалыматка ылайык, оюн Бишкек шаарында өтүп, Казакстан менен 30-августта, Филиппин менен 6-ноябрда беттешет. Машыгуу 25-августта башталат. 

Кыргызстандын курама командасы

Дарбазачылар

Павел Матяш (клубдан эмес), Валерий Кашуба ("Дордой" футболдук командасы), Руслан Жаныбеков ("Алга" футболдук командасы)

Коргочуулар:

Футбол ойногон балдар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Бишкектин окуучулары ден соолугуна FIFA программасы боюнча кам көрөт
Азамат Байматов ("Аль-Риффа", Бахрейн футболдук командасы), Тамирлан Козубаев ("Дордой" футболдук командасы), Валерий Кичин ("Енисей", Россия футболдук командасы), Виктор Майер ("Эммен", Голландия футболдук командасы), Дэниел Тэго ("Хала", Бахрейн футболдук командасы), Ильяз Алимов, Акрам Умаров (экөө тең "Алай" футболдук командасында), Владимир Казакбаев ("Абдыш-Ата" футболдук командасы).

Жарым коргоочулар:

Бахтияр Дүйшөбеков ("Крумкачы", Белоруссия футболдук командасы), Фархат Мусабеков ("ТСК-Таврия", Крым футболдук командасы), Эдгар Бернхардт ("Роденхаузен", Германия футболдук командасы), Ахлитдин Исраилов ("Днепр Черкассы", Украина футболдук командасы), Антон Землянухин ("Сисакет", Таиланд футболдук командасы), Азиз Сыдыков, Ислам Шамшиев, Кайрат Жыргалбек уулу (баары "Дордой"футболдук командасынан), Павел Сидоренко ("Алга" футбол командасы), Одил Абдурахмонов ("Алай" футболдук командасы).

Чабуулчулар: 

Виталий Люкс ("Унтерхахинг", Германия футболдук команда), Мирлан Мурзаев "Ушакспор", Турция футболдук командалар).

Жаңылыктар түрмөгү
0