Мамагенттик: сот Иззат Артыковдун күнөөсүз экенин далилдөөнү сунуштады

© Sputnik / Табылды КадырбековВстреча бронзового призера Олимпиады в Рио Иззата Артыкова и тренера в аэропорту "Манас"
Встреча бронзового призера Олимпиады в Рио Иззата Артыкова и тренера в аэропорту Манас - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейин жалпыга маалымдоо каражаттары Иззат Артыковго кайрадан допинг-тест өткөрүү боюнча кайрылууну CAS четке каккандыгын жазып чыккан.

БИШКЕК, 22-авг. — Sputnik. Соттук арбитраждык сот Кыргызстанга оор атлетчи Иззат Артыковдун күнөөсүз экенин далилдөөнү сунуштады. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине Жаштар иши, спорт жана дене тарбия боюнча мамлекеттик агенттигинин башчысы Канат Аманкулов билдирди. 

Буга чейин жалпыга маалымдоо каражаттары Артыковго кайрадан допинг-тест өткөрүү боюнча кайрылууну CAS четке каккандыгын жазып чыккан. Спортчунун канынан допинг табылып, коло медалдан кол жууган эле. Ал эми Мамлекеттик агенттик чечимдин үстүнөн даттана тургандыгын билдирген. 

"Мен бүрсүгүнү машыктыруучу менен жолугам. Алдын ала териштирүү жүргүзөбүз. Ал эми допинг-тест өткөрүү боюнча кайрылууну CAS четке каккандыгы тууралуу кат келе элек. Биз Спорттук арбитраждык сотко кайрыла элекпиз. Балким Оор атлетика боюнча федерация буга чейин кайрылгандыр. Сот бизге Артыковдун каны менен заарасында стрихнин каражаты кандайча табылганын түшүндүрүп берип, күнөөсүз экенин далилдөөнү сунуштады. Ошого жараша алар чечимин кайра карап чыгышы мүмкүн", — деди Аманкулов.

КРдин Оор атлетика боюнча федерациясынын вице-президенти Улан Молдодосов учурда кайрадан тест өткөрүү боюнча кат даярдалып жаткандыгын айтып, аталган сотко расмий кат жөнөтпөгөнүн кошумчалады. 

Иззат Артыков Кыргызстанга жалгыз коло медаль алып келип, намыска жараган эле. Көп өтпөй канынан допинг табылып, медалдан кол жууган.

Жаңылыктар түрмөгү
0