Кыргызстандык спортчулар чарчаса да көтөрүңкү маанай менен Бразилияга келишти

© Фото / Кабыл МакешовКыргызстандык балбандар Рио-де-Жанейронун аэропортунда
Кыргызстандык балбандар Рио-де-Жанейронун аэропортунда - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кечээ Кыргызстандан жети балбан учуп чыгып, 12 саатта учак менен Бразилияга жетишти. Ага чейин калган спортчулар сапар тартышкан.

БИШКЕК, 4-авг. — Sputnik. Кыргызстандык балбандар жол азабынан чарчаса да, көтөрүңкү маанай менен Бразилиянын босогосун атташканын делегациянын маалымат катчысы Кабыл Макешов билдирди.

Курама командада грек-рим күрөшү боюнча Жанарбек Кенжеев, Мурат Рамонов, Руслан Царев, Арсен Эралиев, эркин күрөш боюнча Магомед Мусаев, Айал Лазарев жана Айсулуу Тыныбекова бар. Калган спортчулар ага чейин эле Рио-де-Жанейро шаарына учуп кетишкен.

© Фото / Кабыл МакешовКыргызстандык балбандар жол азабынан чарчаса да, көтөрүңкү маанай менен Бразилиянын босогосун атташты
Кыргызстандык балбандар жол азабынан чарчаса да, көтөрүңкү маанай менен Бразилиянын босогосун атташты - Sputnik Кыргызстан
1/3
Кыргызстандык балбандар жол азабынан чарчаса да, көтөрүңкү маанай менен Бразилиянын босогосун атташты
© Фото / Кабыл МакешовКурама командада грек-рим күрөшү боюнча Жанарбек Кенжеев, Мурат Рамонов, Руслан Царев, Арсен Эралиев, эркин күрөш боюнча Магомед Мусаев, Айал Лазарев жана Айсулуу Тыныбекова бар.
Курама командада грек-рим күрөшү боюнча Жанарбек Кенжеев, Мурат Рамонов, Руслан Царев, Арсен Эралиев, эркин күрөш боюнча Магомед Мусаев, Айал Лазарев жана Айсулуу Тыныбекова бар. - Sputnik Кыргызстан
2/3
Курама командада грек-рим күрөшү боюнча Жанарбек Кенжеев, Мурат Рамонов, Руслан Царев, Арсен Эралиев, эркин күрөш боюнча Магомед Мусаев, Айал Лазарев жана Айсулуу Тыныбекова бар.
© Фото / Кабыл МакешовКалган спортчулар ага чейин эле Рио-де-Жанейро шаарына учуп кетишкен.
Калган спортчулар ага чейин эле Рио-де-Жанейро шаарына учуп кетишкен. - Sputnik Кыргызстан
3/3
Калган спортчулар ага чейин эле Рио-де-Жанейро шаарына учуп кетишкен.
1/3
Кыргызстандык балбандар жол азабынан чарчаса да, көтөрүңкү маанай менен Бразилиянын босогосун атташты
2/3
Курама командада грек-рим күрөшү боюнча Жанарбек Кенжеев, Мурат Рамонов, Руслан Царев, Арсен Эралиев, эркин күрөш боюнча Магомед Мусаев, Айал Лазарев жана Айсулуу Тыныбекова бар.
3/3
Калган спортчулар ага чейин эле Рио-де-Жанейро шаарына учуп кетишкен.

Грек-рим күрөшү боюнча жаштар арасында дүйнө чемпиону, Азиянын эки жолку чемпиону, Азия оюндарынын үч жолку коло байгесинин ээси, такшалган балбан Жанарбек Кенжеев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Рио-2016: балбандын тукуму Жанарбек Кенжеев спортчулардын укугун коргосом дейт
Балбандар Сан-Паулуга Стамбул аркылуу учуп, ал жерден олимпиадалык айылга жайгашышты.

Жолдун узактыгы 12 саатка созулган. Спортчулардын айтымында, чарчоо даярдыкка эч кандай таасир этпейт.

Олимпиада оюндарынын ачылыш аземи 5-августта өтөт. Бишкек убактысы боюнча бул 6-августка таңкы саат 5ке туура келет. Кыргызстандын намысын 19 спортчу коргомокчу.

Улуттук курама команданын Рио олимпиадасындагы актуалдуу маалыматтары жөнүндө "РИО-2016" Sputnik Кыргызстан рубрикасынан окуңуздар>>

Жаңылыктар түрмөгү
0