Дүлөйлөр арасындагы дүйнөлүк мелдеште кыргыз дзюдочулар эки медаль тагынышты

Жазылуу
Мелдеш Түркияда өтүп, ага кыргызстандык спортчулар да катышты.

БИШКЕК, 26-июл. — Sputnik. Кыргызстандык спортчулар дүлөйлөр арасында өткөн дүйнөлүк мелдештен күмүш жана коло медаль менен кайтканын Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги билдирди. 

Маалыматка ылайык, 16-24-июль күндөрү Түркиянын Самсун шаарында дзюдо, каратэ жана таэквандо боюнча дүйнөлүк биринчилик болуп өттү. 

Анда кыргызстандык спортчу Ильгиз Каналбек уулу финалда түркиялык дзюдочудан утулуп, күмүш медалга ээ болсо, дагы бир спортчу Азамат Мавлянов үчүнчү орунду ээлеген.

Жаңылыктар түрмөгү
0