БИШКЕК, 21-июл. — Sputnik. Кыргызстандык футболчу кыз Наталья Гайворонская Шотландияда өткөн көчө футболу боюнча дүйнө биринчилигинде "Мыкты дарбазачы" наамын алды. Бул тууралуу КРдин көчө футбол федерациясынан билдирди.
Эске сала кетсек, буга чейин көчө футбол боюнча Кыргызстандын кыздарынын курама командасы дүйнө биринчилигинде II орунду ээлеген.
Кыргызстандык спортчу кыздар баштапкы он оюндун тогузунда мөрөйгө жетип, бирөөсүндө жеңилип калган.
Чейрек финалда кыргызстандыктар 9:2 эсебинде Индиянын курама командасын уткан. Ал эми жарым финалда Шотландиялык атаандаштары менен беттешип, аларды 8:3 эсеби менен жеңип алган. Ал эми финалда кыргызстандыктар Мексика командасы менен беттешип, 5:0 эесебинде утулуп калган.