Кыргыз окуучусу 90 өлкөнүн мыктылары катышкан олимпиадада коло медаль тагынды

© Фото / пресс-служба международного образовательного учреждения "Себат"Кыргызстандык окуучулар Швейцарияда өткөн Эл аралык XLVII International Physics Olympiad олимпиадасында
Кыргызстандык окуучулар Швейцарияда өткөн Эл аралык XLVII International Physics Olympiad олимпиадасында - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кадамжай лицейинин окуучусу Садиков Артур Швейцарияда өткөн Эл аралык XLVII International Physics Olympiad олимпиадасында физика предмети боюнча өзгөчөлөнгөн.

БИШКЕК, 18-июл. — Sputnik. Кыргызстандык окуучулар Швейцарияда өткөн Эл аралык XLVII International Physics Olympiad олимпиадасында физика предмети боюнча мыкты аталышты. Бул тууралуу "Себат" эл аралык билим берүү мекемеси билдирди.

Риодо кыргыз спортчулары үчүн тигилген кийим. Архив - Sputnik Кыргызстан
Олимпиадалык форма: коомчулук менен спортчулардын пикири
Дүйнөнүн 90 өлкөсүнүн окуучулары катышкан олимпиада 11-17-июль күндөрү Цюрих шаарында болуп, ага Кыргызстандан 5 окуучу: Азамат Мырзабеков, Алымбек Сагымбаев, Нарбек Байзаков, Артур Садиков жана Михаил Губарченколор катышты.

Бардык турлардын жыйынтыгы боюнча Кадамжай лицейинин окуучусу Артур Садиков 3-орунду ээлеп, коло медалга татыктуу болду.

Бул эл аралык физика предмети боюнча олимпиада (International Physics Olympiad) 1967- жылдын декабрынан баштап жыл сайын өткөрүлүп келет. Катышуучу өлкө 5 окуучудан турган командасы жана 2 жетекчиси менен катышууга укуктуу.

Жаңылыктар түрмөгү
0