БИШКЕК, 6-июл. — Sputnik. Аргентиналык футболчу Лионель Месси атасы Хорхе Месси менен Испаниянын соту тарабынан 21 айга эркинен ажыратылды. Бул тууралуу Рейтер агенттигине таянуу менен РИА Новости жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, Мессилерге 4,1 миллион евролук салыктан баш тарткандыгы үчүн күнөө коюлгандан кийин футболчу уругвайлык юристтердин жардамы менен Mega Star Enterprises офшордук компаниясын түзүүгө жетишип, кирешесин жаап-жашырып келген.
Футболчу 2012-2013-жылдары кайрымдуулук жана достук оюндарына катышкандыгы үчүн сот декабрь айында ага коюлган айыптоолорду жокко чыгарган. Мында Барселонанын прокуратурасы уулунун каражатын жөндөп келген футболчунун атасы Хорхе Месси жазаланышы керектигин белгилеген.
Шаршемби күнү сот Месси менен атасын салык төлөөдөн баш тарткан иштин үч эпизоду боюнча күнөөлү деп таап, 21 айга эркинен ажыратуу чечимин кабыл алды.