БИШКЕК, 30-июн. — Sputnik. Акватлон боюнча алгачкы мелдеш 16-июлда Ысык-Көлдө өтөрүн КРдин триатлон Федерациясы билдирди.
Мелдеш Булан-Соготту айылында көл жээгинде өтөт. Жеңүүчүлөргө турнирдин демөөрчүлөрү тарабынан сыйлыктар ыйгарылат.
Акватлондун эрежеси боюнча биринчи 5 чакырым аралыкты чуркап өтүп, экинчи 0,75 чакырымды сүзүп, кайтадан 2,5 километрди чуркап өтүүсү кажет.