Рио-2016: Кыргызстандын үмүтү — жөө күлүк Юлия Андреева

© AFP / MANAN VATSYAYANA лицензия алган жөө күлүк Юлия Андреева. Архив
лицензия алган жөө күлүк Юлия Андреева. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Олимпиадалык оюндардын башталышына аз убакыт калды. Дүйнө Бразилияда өтчү оюндарга кулак төшөп турат. Sputnik Кыргызстан абройлуу мелдеште Кыргызстандын намысын талаша турган 17 спортчу менен четинен тааныштырууну чечти.

Спорт журналисти Кабыл Макешов биринчилерден болуп лицензия алган жөө күлүк Юлия Андрееванын тарых-таржымакалын окурман журтчулугуна сунуштайт. 

Арыбаган дулдул

Чынында 42 чакырым эмес, 500 метрге чуркаганда демигип, жондон тер куюлуп, эсибиз ооп калары бышык. Анан суутулган күлүктөй 42 чакырым 195 метрди чуркап өтүп, мөрөй алуу — чоң эрдик! 

Маракана стадиону, Рио-де-Жанейро, Бразилия. Архив - Sputnik Кыргызстан
Риого аттанар алдында. Кыргыз спортун өстүрүү үчүн ата-текке, канга көңүл бөлүш керек
Рио олимпиадасына кыргыз спортчуларынын ичинен эң биринчи жолдомону жөө күлүктөрдөн Юлия Андреева-Архипова алган. Марафончу мурда орто аралыкка чуркаса, 2008-жылы Бээжин, 2012-жылы Лондон олимпиадалык оюндарынын марафондук жарыштарына катышкан. Орто аралыктарга чуркоодо өлкөнүн көп жолку чемпиону эл аралык турнирлерде бир нече ирет мөрөй алган. Спорттун эл аралык чебери Юлия 1984-жылы 7-мартта Ташкент шаарында туулган. Ата-энеси Кыргызстандын Ысык-Көлүнө көчүп келгенден кийин жеңил атлетика менен 14 жашынан тарта машыга баштаган. Ал мурда сууда сүзүү ийримине катышчу. Атасы спорт күйөрманы болуп, футболду мыкты ойногон дешет. Юлия мурдагы мелдештерге Архипова болуп катышып келсе, кийин орусиялык марафончу Григорий Андреевге турмушка чыгып, жолдошунун фамилиясын алган. Ошондуктан Юлия Лондон Олимпадасында Андреева болуп, жарышка катышкан эле. Учурда алардын 4 жаштагы Ирина аттуу кызы бар. 

Жолу болбогон эки жолдомо

2003-жылдан бери эл аралык марафондук жарыштарда мөрөй алып жүрөт. Мындан сырткары, 3000 жана 5000 метр аралыктарга, жарым марафондук жарыштарга катышып, байгелүү орундарга жеткен. 2005-жылы марафондук 42 чакырым 195 метр аралыкка чуркап Кыргызстандын спорт чебери деген наамга арзыган. Кыргызстандын орто жана алыс аралыктарга чуркоодо көп жолку чемпиону. 

Боксчулар таймаш учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандын мушкерлери Олимпиадалык лицензиядан куру жалак калышты
2007-жылы Франкфурт шаарында өткөн эл аралык марафондук жарышта марага 2 саат 34 мүнөттө келип, Бээжин олимпиадасына жолдомо алып, бирок ийгилик жарата алган эмес. 2009-жылы дүйнөлүк дөө-шаалар менен теңтайлашып, АКШнын Нешвил шаарында өткөн эл аралык марафондук жарышта марага экинчи келип, адистердин көңүлүн бурган. Ошол 2009-жылы АКШнын Балтимор шаарындагы марафондук эл аралык турнирде баш байгени утуп, мелдештин рекордун жаңырткан. 2010-жылы ушул эле шаарда өткөн марафондо марага экинчи келген. Ал эми 2011-жылы АКШнын Лос-Анжелес шаарында өткөн марафондук жарышты 2 саат 33 мүнөт 55 секундда чуркап өтүп, Лондон олимпиадасына катышууга жолдомо алып, бирок байгелүү орундарга илинген эмес. 

2012-жылы Чехия өлкөсүнүн борбору Прагада өткөн марафонго катышып, чеберчилиги жогорулаган эле. 2013-жылы Гонконг шаарында өткөн Азия чемпионатынын марафондук жарышында коло медалдын ээси болуп, марага үчүнчү келген. Ошол эле жылы Москва шаарында өткөн дүйнө чемпионатында марафондук мелдешке катышып, 36-орун менен чектелген. 2013-жылы Гонконгдо өткөн Азия чемпионатында марафондук чуркоо боюнча Юлия марага үчүнчү болуп келип, коло медаль тагынган. 2014-жылы Франциянын борбору Парижде өткөн эл аралык марафондо 9-орунга жетип, чеберчилиги жогорулаган. 2014-жылы Түштүк Кореянын Инчхон шаарында өткөн 17-Азия оюндарындагы марафондук жарышта 10-орунду камсыз кылган. 2015-жылы Чехиянын Прага шаарында өткөн марафондук аралыкты 2 саат 37 мүнөт 37 секундда чуркап өтүп, Рио-де-Жанейро олимпиадасына катышууга жолдомо алган. 

Устат-шакирт

Олимпиадалык байгени багындырган кыргызстандыктар
Бул маалыматтарды журналист катары жазып коюш оңой көрүнгөнү менен 13 жылдан бери марафондук жарыштарга катышып, кээде утуп, айрым учурда жолу болбой калган Юлиянын мээнети тоодой, эрки темирдей экенин баамдап, баа бердим. Аны Рио Олимпиадасына даярдап, таптап жаткан башкы устат Евгений Андреев жана жолдошу россиялык марафончу Григорий Андреев. Учурда Юлия Россиянын Уфа шаарында машыгууда. Ал массаж курсун аяктап, спортчу курбуларына массаж жасап, мелдештен кийин денени калыбына келтирүүгө көмөктөшүп жүрөт. Чуркайм деп жүрүп, жогорку билим албай калдым деп арман кылып жүргөн жөө күлүк былтыр Жалал-Абад мамлекеттик университетине тапшырып, быйыл 1-курсту аяктады. Андан сырткары, кол өнөрчүлүккө кызыгып, камыштардан, майда бутактардан себет, сувенирлерди жасоону жактырат. 

Бул ирет дагы Риодо анын негизги атаандаштары америкалык, англиялык, россиялык жана африкалык күлүктөр болмокчу. Жердешибиз Сатымкул Жуманазаровдой болуп, балким Юлия да Рио олимпиадасында байгелүү орундарга жетип калар. Ийгилик гана каалайбыз сага, Юлия!

Жаңылыктар түрмөгү
0