Футбол боюнча Европа чемпионаты жума күнү башталат

© Sputnik / Антон Денисов / Медиабанкка өтүүФутбол боюнча Европа чемпионатынын кубогу. Архив
Футбол боюнча Европа чемпионатынын кубогу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Турнирде Европанын эң күчтүү делген 24 командасы күч сынашат.

БИШКЕК, 10-июн. — Sputnik. Футбол боюнча Европа чемпионаты бүгүн, жума күнү башталат.

Турнир Франциянын 10 шаарында 10-июндан 10-июлга чейин болот.

Мелдешке Европанын эң күчтүү делген 24 командасы катышат. Ал эми аны Франция менен Румыниянын беттешүүсү ачып, оюн күйөрмандарга Бишкек убактысы боюнча саат 01.00дө тартууланат.

Турнирди жеңген команда 27 миллион еврого ээ болот.

Эскерте кетсек, Европа чемпионаты төрт жылда бир жолу өтөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0