КРдин курамасы Оштун "Алай" командасынан утулуп калды

© Фото / пресс-служба ФФКР Кыргызстандын курама командасы өлкөнүн чемпиону Оштун "Алай" командасы менен ойноодо
Кыргызстандын курама командасы өлкөнүн чемпиону Оштун Алай командасы менен ойноодо - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Үстүбүздөгү жылдын 7-июнунда кыргызстандык оюнчулар Ирандын курама командасы менен жолдоштук беттеш өткөрөт. Ага даярдык көрүү үчүн Оштун "Алай" командасы менен ойношту.

БИШКЕК, 3-июн. — Sputnik. Кыргызстандын курама командасы өлкөнүн чемпиону Оштун "Алай" командасына 0:1 эсебинде утулуп калды. Бул тууралуу КР Футбол федерациясы билдирди.

Кыргызстандын футбол курама командасы беттештин соңунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
КРдин футбол боюнча улуттук курамасы FIFA рейтингинде Топ-100дөн ыргып кетти
Беттеш Оштогу Ахматбек Сүйүмбаев атындагы стадиондо өткөн.

Оюндун 24-мүнөтүндө калыс Бахадыр Кочкаров пенальти дайындап, аны "Алайдын" чабуулчусу Алиа Силла тээп эсепти ачкан.

38-мүнөттө Антон Землянухиндин аракетинен майнап чыкпай, топ штангага тийип калган.

Футбол федерациясынан билдиришкендей, беттештин башкы максаты жеңиш эмес, 7-июнда Тегеранда Ирандын курамасы менен боло турчу оюнга даярдык көрүү болгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0