00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
15:56
4 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
18:00
4 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
ЕАЭБдеги тоскоолдуктар жана 2026-жылга пландалган кооперациялык долбоорлор
11:04
26 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Жыл башынан бери 2 млн укук бузуу аныкталды - “Коопсуз өлкө” долбоору ишке кандай ашууда?
11:31
26 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
On air
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Венесуэла, Гренландия, Иран: дүйнөлүк геосаясаттын жаңы күн тартиби кандай өзгөрүүдө?
13:05
51 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ачык кеп
Пенсиянын топтомо бөлүгүн кайсы учурларда кайталап алса болот? Мыйзам долбоору сунушталууда
15:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Стимул
«Мыкты чоң ата» жана «Мыкты чоң апа» сынагынын жеңүүчүлөрү менен маек
17:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Цифровая миграция: как технологии меняют трудовую мобильность в ЕАЭС
18:07
26 мин
Тема дня
Проекты ЕАБР в Кыргызстане и улучшение интеграции в ЕАЭС: итоги работы банка
18:34
27 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Экономикалык панорама
Күмүш, акча бирдигине айлана алабы?
19:06
40 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Пенсиянын топтомо бөлүгүн кайсы учурларда кайталап алса болот? Мыйзам долбоору сунушталууда
21:04
41 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Көчмөндөр оюнунда көк бөрүчүлөр атайын коргой турган кийимдерди киет

© Sputnik / Расул УсеналиевПрезентация формы для игр кочевников спортсменам по кок-бору
Презентация формы для игр кочевников спортсменам по кок-бору - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Быйыл сентябрь айында Кыргызстандын Ысык-Көл облусунда Экинчи дүйнөлүк көчмөндөр оюну өтөт.

БИШКЕК, 12-май — Sputnik. Экинчи дүйнөлүк көчмөндөр оюнунда көк бөрүчүлөр коргой турчу атайын кийимдерди киет. Анын үлгүсүн Көк бөрү федерациясы маалымат жыйында көрсөттү.

Белгилей кетсек, быйыл сентябрь айында Ысык-Көлдө Экинчи дүйнөлүк көчмөндөр оюну өтөт. 

© Sputnik / Расул УсеналиевЭкинчи дүйнөлүк көчмөндөр оюнунда көк бөрүчүлөр коргой турчу атайын кийимдерди киет
1/2
Экинчи дүйнөлүк көчмөндөр оюнунда көк бөрүчүлөр коргой турчу атайын кийимдерди киет
© Sputnik / Расул УсеналиевКөк бөрү федерациясынын директору Султан Бекташев көрсөтүлгөн коргоочу кийимдер жаңы иштелип чыгып, буга чейинки кетирилген кемчиликтер эске алынганын айтты.
2/2
Көк бөрү федерациясынын директору Султан Бекташев көрсөтүлгөн коргоочу кийимдер жаңы иштелип чыгып, буга чейинки кетирилген кемчиликтер эске алынганын айтты.
1/2
Экинчи дүйнөлүк көчмөндөр оюнунда көк бөрүчүлөр коргой турчу атайын кийимдерди киет
2/2
Көк бөрү федерациясынын директору Султан Бекташев көрсөтүлгөн коргоочу кийимдер жаңы иштелип чыгып, буга чейинки кетирилген кемчиликтер эске алынганын айтты.

КРдин Көк бөрү федерациясынын аткаруучу директору Султан Бекташев көрсөтүлгөн коргоочу кийимдер жаңы иштелип чыгып, буга чейинки кетирилген кемчиликтер эске алынганын айтты. 

"Коргоочу кийимдин формасын биз сунуштаганбыз. Биздин эскиздер менен жасалды", — деди ал.

Бекташев көрсөтүлгөн коргоочу кийимдин үстүнөн ар бир команда өзүнүн формасын кийе турганын белгиледи.

Спорттун улуттук түрлөрүн өнүктүрүү дирекциясынын башчысы Алмазбек Касенов Көчмөндөр оюнунда Кыргызстандын атынан чыга турган курама команданын толук курамы май айында аныкталарын кошумчалады. 

"Курама командада ойной турган оюнчулардын тизмеси ушул айдын аягына чейин аныкталат. Негизги басым Нооруз майрамына жана Улуу Жеңиштин урматына уюштурулган оюндарда жакшы ийгилик жараткан оюнчуларга жасалат", — дейт ал. 

Учурда Көчмөндөр оюнунда көк бөрүгө катышуу үчүн түрдүү мамлекеттерден макулдуктар келип жатканын Көк бөрү федерациясынын аткаруучу директору Султан Бекташев кошумчалады. 

Ошондой эле Экинчи көчмөндөр оюну үчүн параддык кийимдердин үлгүсүн жергиликтүү компания көрсөттү.

Жаңылыктар түрмөгү
0