"Р-Спорт" футбол боюнча Европа чемпионатын утурлай атайын долбоорду ишке киргизди

© Sputnik / Антон Денисов / Медиабанкка өтүүЕвропа чемпионатынын кубогу. Архив
Европа чемпионатынын кубогу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Францияда өтө турчу футбол боюнча Европа чемпионатында россиянын төрт кабарчысы иштейт. Турнирдин жүрүшү боюнча бардык маалыматтар менен "Р-Спорт" агенттигинин атайын долбоорунан тааныша аласыз.

БИШКЕК, 10-май – Sputnik. "Россия сегодня" медиагруппасынын "Р-Спорт" спорттук маалымат агенттиги 10-июнда Францияда боло турган футбол боюнча Европа чемпионатын утурлай атайын жаңы долбоорду ишке киргизди.

Мелдештин жүрүшү, репортаж, эксклюзивдүү пикирлер, эксперттердин ою, фото, видеолорду бүгүнтөн тарта сайтынан көрүүгө болот.

Европанын чемпионаты 10-июндан 10-июлга чейин Францияда өтөт.

"Футбол боюнча Европанын чемпионатына арналган атайын долбоорго "Р-Спорт" өзгөчө көңүл бурат. Төрт кабарчы оюн болгон жерде иштесе, эки кабарчы Россиянын курама командасынын жанында болот. Ошондой эле Риодо боло турган Олимпиадалык оюндар менен хоккей боюнча Канадада өтчү дүйнө чемпионаттын жүрүшүн дагы бул жактан көрө аласыздар", — дейт "Р-Спорт" агенттигинин башкы редактору Василий Конов.

"Р-Спорт " – Россиядагы спорт жаңылыктарын берген алдыңкы агенттик. Ал "Россия сегодня" медиатобунун курамына кирип, спорт дүйнөсүндө болуп жаткан бардык жаңылыктарды окурмандары менен бөлүшөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0