БИШКЕК, 28-апр. — Sputnik. Футбол боюнча Чемпиондор лигасынын жарым финалында испаниялык "Атлетико" германиялык "Баварияны" жеңип алды.
Эки курама топтун ортосундагы оюн Мадриддеги "Висенте Кальдерон" стадионунда өттү. Ал эми алгачкылардан болуп "Манчестер Сити" менен "Реал" ойноп, бирок беттеш тең эсеп менен аяктаган.
"Атлетико" биринчи мүнөттөрдө эле чабуул коё баштады, бирок "Бавария" дагы өжөрлүгүн көрсөтүп жатты.
Алгачкы жана акыркы голду оюндун 11-мүнөтүндө "Атлетиконун" жарым коргоочусу Сауль киргизди.
Андан кийин "Бавария" тарабынан "Атлетиконун" дарбазасына коркунуч жараткан бир нече соккулар болду. Бирок гол кирген жок. Натыйжада 1:0 эсебинде "Атлетико" жеңишке жетишти.
Кийинки оюн келерки жумада өтөт.