"Реал" атаандашы "Барселона" командасын өз үйүндө утуп кетти

© AP Photo / Manu Fernandez"Барселона" жана Мадриддин "Реалы" таймашы.
Барселона жана Мадриддин Реалы таймашы. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Чемпиондукка ат салышууга "Реалдын" теориялык жактан мүмкүнчүлүгү бар.

БИШКЕК, 3-апр. — Sputnik. "Барселонанын" аймагында ойногон атаандашын Мадриддин "Реалы" 1:2 эсебинде утуп алды. 

"Эль классико"деп аталган оюндар Барселона шаарындагы "Камп Ноу" стадионунда (Бишкек убактысы менен алганда 00.30та болду).

Топту көзөмөлдөп туруу оюн талаасынын ээсинде болду. "Барселона" чабуулчусу Луис Суарез биринчи таймда топту киргизүүгө эң сонун мүмкүнчүлүк алганы менен дарбазага киргизи алган жок. Ал эми "Реалдан" Карим Бензема атаандашынан артыкчылык кылганы байкалып турду. Анткен менен биринчи тайм эсеп ачылбаган боюнча аяктады.

© REUTERS / Albert Gea Livepic "Барселонанын" аймагында ойногон атаандашын Мадриддин "Реалы" 1:2 эсебинде утуп алды.
1/3
"Барселонанын" аймагында ойногон атаандашын Мадриддин "Реалы" 1:2 эсебинде утуп алды.
© REUTERS / Albert Gea Livepic"Эль классико" деп аталган оюнда Барселона шаарындагы "Камп Ноу" стадионунда болду.
2/3
"Эль классико" деп аталган оюнда Барселона шаарындагы "Камп Ноу" стадионунда болду.
© AP Photo / Manu FernandezНатыйжада коноктор "Барселонаны" өз үйүндө жеңип, эсеп 1:2 болду.
3/3
Натыйжада коноктор "Барселонаны" өз үйүндө жеңип, эсеп 1:2 болду.
1/3
"Барселонанын" аймагында ойногон атаандашын Мадриддин "Реалы" 1:2 эсебинде утуп алды.
2/3
"Эль классико" деп аталган оюнда Барселона шаарындагы "Камп Ноу" стадионунда болду.
3/3
Натыйжада коноктор "Барселонаны" өз үйүндө жеңип, эсеп 1:2 болду.

Күйөрмандардын кыйкырыгынан стадион жарылып кетчүдөй ирмем экинчи таймда болуп, 56-мүнөттө каталониялык команданын коргоочусу Жерар Пике башы менен топту дарбаза киргизип, эсепти ачты. Алты мүнөт өтпөй мадриддиктер эсепти теңдеп — Бензема акробаттык чеберчилиги менен топту киргизди.

Экинчи таймда "Барселонанын" жылдыздарынын бири Лионель Мессинин жогорку бурчтан күү менен тепкен тобун "Реал" дабразачысы Кейлор Навас манжаларынын учу менен башка жакка бурганга үлгүрдү! Оюндун 82-мүнөтүндө жарым коргоочу Гарэт Бэйл башы менен киргизген голду калыс жаратпай салды.

Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
КР командасы FIFA тизмесинде алдыңкы 100 команданын катарына кириши мүмкүн
Беттешүүнүн аяктаарына беш мүнөт калганда арбитр "Реалдын" капитанын Серхио Рамоска сары кагаз карматып, оюндан "узатып" койду. Оюнчулардын саны азайганына карабай, "Реал" оюндун 86-мүнөтүндө экинчи топту киргизип кетти. Бул ирет Криштиан Роналду тагдыр чечкен эсепти чоңуна чыгарып, оюнду жеңиш менен аяктады. Ошентин, коноктор "Барсаны" өз үйүндө жеңип, эсеп 1:2 болду.

Эми бул командалардын арасында айырмачылык жети упай болду. "Барселона" биринчи орунда (76 упай) турса, ал эми "Реалдын" 69 упайы бар. Булардын ортосунда 70 упайы менен "Атлетико" турат. Чемпиондукка ат салышууга "Реалдын" теориялык жаткан мүмкүнчүлүгү бар.

Голдор жана чабуулдар, сүйүнүч менен кайгы: "Реал" — "Барса" оюунунун сүрөттөрүн Sputnik Кыргызстан фотолентасында көрүңүз>>

Жаңылыктар түрмөгү
0