КР футболчулары Душанбеге оюнга эки күн калганда барат

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргызстандын футбол боюнча курама командасы. Архив
Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Команда учурда Бишкекте машыгуулардан өтүп, даярдык көрүп жатат.

БИШКЕК, 23-мар. — Sputnik. Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы Тажикстандын борбору Душанбе шаарына 27-март күнү келе турганын Футбол федерациясы билдирди.

Сынак: күйөрмандардын видеоролиги көбүнчө төрт футболчуга арналган
Эки күндөн кийин, 29-мартта Кыргызстан менен Тажикстандын командалары беттешип, 2018-жылы өтө турган Дүйнө чемпионатынын тандоо турунун алкагындагы акыркы оюнду өткөрүшөт.

Кыргызстандык футболчулар 19-марттан баштап Бишкекте машыгуулардан өтүп, оюнга даярдык көрүшүүдө.

Кыргызстандык команданын эсебинде учурда 11 упай бар. "В" тайпасында биринчи орунда 15 упай менен Австралия келе жатат, Иордания 13 упай менен экинчи орунда. Улуттук команда үчүнчү катарда. Ал эми Тажикстан беш упай менен төртүнчү, Бангладеш бир упай менен бешинчи орунда келе жатат. 

2018-жылы өтө турган Дүйнө чемпионатынын финалдык бөлүгү Россияда өтөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0