КР оор атлеттери лицензиялык турнирге жолдомо алуу үчүн өз ара күч сынашмай болду

Жазылуу
Бул турнирдин жыйынтыгы менен кыргызстандык спортчулар Ташкентке барып, Рио-де-Жанейродо өтө турган Олимпиадага лицензия алуу үчүн аракет кылат.

БИШКЕК, 16-мар. — Sputnik. Кыргызстанда оор атлетика боюнча ачык чемпионат өтө турганын Мамлекеттик жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттиги билдирди.

2016-жылкы Олимпиада оюндарынын логотиби. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандык балбандар Астанада олимпиаданын лицензиясы үчүн күч сынашат
Үстүбүздөгү жылдын 24-25-мартына белгиленген иш-чаранын жыйынтыгы менен 21-30-апрель күндөрү Ташкентте өтө турган Азия чемпионатына спортчулар тандалмакчы.

Мелдешке биринчи разрядга ээ эркектер жана экинчи разрядга ээ кыз-келиндер катышат.

Эркектер 56 килограммдан 105, кыз-келиндер 48 килограммдан 75ке чейинки категорияда күч сынашат.

Бул чемпионатты өткөрүү үчүн агенттик 35 миң сом бөлдү.

Жаңылыктар түрмөгү
0