Кыргызстандык дзюдочулар Прагадагы мелдешке катышат

© Sputnik / Павел Лисицын / Медиабанкка өтүүДзюдоисттер. Архив
Дзюдоисттер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Февраль айы Кыргызстандын дзюдо боюнча курама командасы үчүн жемиштүү болууда. Бир ай ичинде спортсмендер үч эл аралык турнирге катышат.

БИШКЕК, 16-фев. — Sputnik. Кыргызстандык дзюдочулар Прагада өтүүчү мелдешке катышаарын Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинин маалымат кызматы билдирди. 

Спорстмендер үчүн февраль айы жемиштүү болууда. 11-14-февралда Австрияда өткөн мелдеште намысты коргошсо, учурда Германияда өтүп жаткан эл аралык турнирге катышууда.

"Мындан сырткары курама команда 26-29-февраль күндөрү Чехиянын Прага шаарында өтүүчү эл аралык турнирге катышат. Бул мелдешке даярдык 22-25-февралда Германияда өтөт", — деп агенттиктин маалымат кызматы билдирет. 

Өлкөнүн курама командасында беш спортчу жана бир машыктыруучу бар. Бир ай ичиндеги баардык турнирлерге катышуу үчүн мамлекет тараптан 1,5 миллион сом бөлүндү.

Жаңылыктар түрмөгү
0