Бишкекте лыжа тебүү боюнча мелдеш өтөт

Жазылуу
Иш-чаранын уюштуруучулары таймаш спорттун кышкы түрлөрүн жайылтуу, жаш спортчуларды аныктоо максатында уюштурулуп жатканын белгилешти.

БИШКЕК, 22-янв. — Sputnik. Бишкек шаарынын чет жакасындагы Таш-Төбө айылында лыжа тебүү боюнча ачык мелдеш өтө турганын мэриядан билдиришти.

Кыргызстандык Евгений Ваккер Азия чемпионатына катышуу үчүн Японияга жол алды
Маалыматка ылайык, 30-январда өтө турган таймаш үч жаш курак боюнча өтүп, ага 12 жашка чейинки балдар-кыздар, 14-15 жаштагы өспүрүмдөр жана 19 жаштагы уландар катышат.

Иш-чараны Дене тарбия жана спорт комитетинин шаардык башкармалыгы аталган спорт түрү боюнча федерация менен биргеликте уюштурууда.

Жакшы көрсөткүч менен айырмалана алган жаш спортчулар диплом, медаль жана башка баалуу байгелер менен сыйланат.

Жаңылыктар түрмөгү
0