БИШКЕК, 2-ноя. — Sputnik. Кыргызстандын спорт гимнастикасы боюнча курама командасы Михаил Воронин атындагы кубокко катышат. Бул тууралуу Жаштар, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин маалымат кызматы билдирди.
Мелдеш 13-декабрдан 17-декабрга чейин Москва шаарында өтөт. 13-16 жаш арасындагы үч спортчу Кыргызстандын атынан катышат. Алар: Амалия Чернышова, Эрик Менибаев, Роман Пак. Бардык спортчулар спорттун мастери. Аларды балдардын машыктыруучусу Александр Ткачук, кыздардын машыктыруучусу Татьяна Торопова коштоп барат.
30дан ашык мамлекеттен келген 140дөн ашык спортчулар бул мелдешке катышат. Алардын катарында дүйнө чемпиондору жана Олимпиадалык оюндардын чемпиондору бар.
Михаил Воронин атындагы кубокко 1993-жылдан бери өткөрүлүп келет жана Эл аралык гимнастика федерациясынын мелдештер боюнча календарына кирген.