БИШКЕК, 19-ноя. — Sputnik. Кыргызстан — Иордания беттешүүсү Дүйнө чемпионатынын тандоо турунун мыкты оюну деп таанылганын Футбол федерациясы билдирди.
Федерация Бүткүл дүйнөлүк футбол ассоциациясына таянуу менен улуттук команданын жарым коргоочусу Антон Землянухин бул турда төрт гол киргизип, эрдик жасаганын белгилейт.
Землянухиндин тобу FIFА дүйнөлүк рейтингинде 42 катарга жогору турган иорданиялыктардын үстүнөн жеңишке жетишүүгө мүмкүнчүлүк түздү.
"Бул 3-декабрда жаңыртылып чыга турган рейтингди чыдамсыздык менен күтүүгө шарт түзөт. Кыргызстан үчүн бул тарыхый учур болот", — деп айтылат билдирүүдө.
Федерация жеңишти мыкты коргонуу камсыздаганын, ал эми Землянухиндин голу дүйнөлүк футболдун мыкты үлгүсүндөгү шедевр болгонун белгилейт.
"Антон Мирлан Мурзаевдин пасынан кийин Иорданиянын коргоочуларын жаш баладай ойнотуп отуруп, "В" тайпасындагы эң ишенимдүү голкипери аталган Амер Шафинин дарбазасына киргизди. Шафи 6 оюнда болгону эки топту гана өткөрүп ийген", — деп айтылат билдирүүдө.
Кыргызстандын куржунунда 11 упай топтолду. "В" тайпасынын сап башында 15 упай менен Австралия келе жатат. Экинчи орунда 13 упай топтогон Иордания турат. Жергиликтүү команда үчүнчү болсо, төртүнчү жана бешинчи орунда Тажикстан менен Бангладештин командалары келе жатат.
Дүйнө чемпионатынын финалдык бөлүгү 2018-жылы Россияда өтөт.