БИШКЕК, 11-июнь — Sputnik. Кыргызстандын курама командасы футбол боюнча дүйнө чемпионатына болгон сапарын жеңиштен баштады.
2018-жылы өтө турган дүйнө чемпионатына тандоо оюнунда Бангладештин курамасын 3:1 эсеби менен утуп, кыргыз футболчулары жеңишке жетишти.
Дарбазага топту оюндун сегизинчи жана 14-мүнөтүндө Антон Землянухин жана 29-мүнөтүндө пенальтиден Эдгар Бернхардт киргизди. Ал эми команданын коргоочусу Валерий Кичин өз дарбазасына гол киргизип, өзгөчөлөндү.