Дүйнө чемпионатын КРдин артисттеринин курама командасы тең чыгуу менен баштады

© Sputnik / Алексей Филиппов / Медиабанкка өтүүФутбол тобу. Архив
Футбол тобу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мелдештин жалпы эсеби 2:2 болду. Германия менен келерки беттешүү эртең, 9-июнда өтөт.

БИШКЕК, 8-июн — Sputnik. Кыргызстандын артисттеринин курама командасы биринчи оюнда Казакстан менен тең чыкты деп кабарланды мелдештин расмий сайтында.

КР артисттеринин курамасын дүйнө чемпионатына израилдик машыктыруучу даярдоодо
"Арт-футбол" деп аталган футболдук-музыкалык фестиваль Москва шаарында 5-14-июнь аралыгында "Жакшылыктын желеги астында" деп аталган кайрымдуулук акциясынын алдында өтүүдө. 

Кыргызстандык артисттердин атааандаш командалары германиялык, казакстандык жана түштүк кореялык артисттер деп аныкталган. Мелдештин жалпы эсеби 2:2 болду. Германия менен келерки беттешүү эртең, 9-июнда өтөт. 

Бирден-бир эл аралык масштабдагы бул акция быйыл бешинчи ирет өтүп жатат. Бул мелдешке ФИФАнын колдоосу астында "Фубол боюнча артисттер арасындагы чемпионат" деген расмий ат ыйгарылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0