БИШКЕК, 19-янв — Sputnik. Жекшемби күнү, 18-январда "Шериктештик кубогу — 2015" оюндарынын алкагында 21 жашка чейинки балдар арасындагы беттеште Кыргызстан менен Латвиянын курама командалары ойноп, оюн тең чыгуу менен аяктады. Бул тууралуу Кыргызстандын футбол федерациясы билдирди.
Экинчи таймдын башында латвиялык футболчу Эдуард Стивенбергс айырмаланып, 55 мүнөттө кыргызстандыктардын дарбазасына алгачкы голду киргизген. Федерациянын расмий сайтындагы маалыматка ылайык, экинчи таймдын жүрүшүндө латвиялыктар оюн эрежелерин бузса да, алардын аракеттери көңүл тышында калган. Оюндун экинчи жарымында кыргызстандык футболчулар атаандашына бир нече кооптуу абал жаратып, бирок жыйынтык болгон эмес.
Оюндун бүтүшүнө 10 мүнөт калганда, тактап айтканда 88 мүнөттө кыргызстандык Темирлан Козубаев бурчтан көтөрүлгөн топту башы менен каршылашынын дарбазасына даана сүзүп, оюн эсеби теңелген.
Бүгүн, Кыргызстандын курама командасы Россиянын курамасы менен беттешет. Оюн Бишкек убактысы боюнча 22:00дө болот.
16-январдагы оюндун тандоо мелдештеринде Кыргызстан курама командасы Молдованын курамасы менен беттешип, оюн 1:1 эсебинде аяктагын болчу.
"Шериктештик кубогу — 2015" оюндары 25-январга чейин болот. Оюн U-21 версиясы боюнча өтүп, ага Европа жана Азиядагы 12 мамлекеттин футболчулары катышууда.