21:32 03 Бештин айы 2016
Түз эфир
Футбольное поле в Бишкеке

КРдин жети футболдук клубу Футбол федерациясынын лицензияларын алышты

© Sputnik / Табылды Кадырбеков.
Спорт
Кыскача шилтеме алуу
22 0 0

Өлкөнүн жети футболдук клубу алгачкы жолу Азия футболдук конфедерациясынын стандарттары боюнча лицензия алышты.

БИШКЕК, 10-дек — Sputnik. Өлкөнүн жети футболдук клубу АФК стандарттары боюнча лицензиялоо процессинен өтүп, 2015-жылдагы мелдештерге катышууга лицензия алышты, деп айтылган Кыргызстандын Футбол лигасынын сайтында. 

Шейшембиде Кыргыз Республикасынын Футбол федерациясында футбол клубдарына лицензияларды тапшыруу аземи болуп өттү. Аларды КР ФФ башкы катчысы Дастан Конокбаев тапшырды. 

"Бүгүнкү күндүн ата мекендик футбол үчүн тарыхый мааниси бар десек болот. Клубдарыбыз алгачкы ирет АФК стандарттары боюнча лицензиялоо процессинен өтүп, 2015-жылдагы мелдештерге катышууга лицензияларды алышат. АФК KickOff өнүгүү программасынын алкагында жүргүзүлгөн лицензиялоо клубдарыбыз үчүн ири мүмкүнчүлүктөрдү жаратат жана клубдук тутумду өнүктүрүүгө көмөкчү болот", — дейт Конокбаев.

Лицензияларды Бишкектин "Дордой", "Алга", "ФЦ", "Абдыш-Ата" (Кант), "Ала-Тоо" (Нарын), "Алай" (Ош) жана "Нефтчи" (Кочкор-Ата) футболдук клубдары алышты.

Тема боюнча

"Алтын топтун" талапкерлери — Криштиану Роналду, Месси жана Нойер
Белгилер:
АФК, Дастан Конокбаев

ЭҢ МААНИЛҮҮ