БИШКЕК, 21-янв. — Sputnik. Бишкекте Бөкөнбаев менен Абдрахманов көчөлөрүнүн кесилишинде туруп калган маршруттук такси эвакуатордун жардамы менен айып короого жеткирилди. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы жеринен билдирди.
Эскерте кетсек, бүгүн №169 маршрут жол ортосуна туруп калып, автотыгын жаралган. Кайгуул милициясы айдоочу протокол түзүүгө каршылык көрсөткөнүн билдирген. Ал эми Урмат аттуу айдоочу унаасы бузулуп калгандыктан жолго токтоого аргасыз болгонун айткан.
Учурда айдоочуну Биринчи Май райондук ИИБге алып кетишти.