Чүй, Талас облустары менен Бишкектин айрым бөлүгүндө жарык болбойт

© Sputnik / Табылды КадырбековНовые тарифы на электроэнергию в КР введут с 1 августа
Новые тарифы на электроэнергию в КР введут с 1 августа - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу

БИШКЕК, 18-янв. — Sputnik. Чүй, Талас облустары менен Бишкек шаарында мезгил-мезгили менен жарык өчүрүлөт. Бул тууралуу Улуттук энергохолдинг билдирди. 

Сотрудники МЧС на месте крушения самолета недалеко от аэропорта Манас - Sputnik Кыргызстан
"Түндүкэлектр" кырсык болгон Дача айылындагы зым карагайларды жөнгө салууда
Маалыматка ылайык, 18-январда 10:00дөн 13:00гө чейин Бишкек шаарынын Ак-Өргө жаңы конушунда электр энергиясы ұзгүлтүккө учурайт. Чүй облусунда Көк-Жар айылынын Мадиев, Күмүшалиева, Кыдыкеева, Кийизбаева, Күйүкова жана Төрт-Көл көчөлөрүндө 09:00дөн 17:00гө чейин жарык өчөт. 

Андан сырткары, Талас облусунун Көк-Кашат, Калба, Беш-Талаш, Кара-Суу, Манас, Кызыл-Октябрь, Таш-Кудук, Боо-Терек, Бейшеке, Жаңы-Жер, Кара-Суу, Үч-Булак, Сулуу-Маймак жана Жоон-Төбө айылдарында дагы электр энергиясы күндүз берилбейт.

Жаңылыктар түрмөгү
0