11:53 22 Үчтүн айы 2017
Түз эфир
Сот балкасы. Архивдик сүрөт

Баланын көзүнчө энесин зордуктаган таксисттин ишин облус соту кайра карайт

© AP Photo / J. Scott Applewhite
Коом
Кыскача шилтеме алуу
251 0 0

Тоң райондук соту баланын көзүнчө энесин зордуктаган таксистти төрт жылга эркинен ажыраткан. Социалдык тармактарда буга нааразы болгондор чыкты.

БИШКЕК, 11-янв. — Sputnik. Ысык-Көлдө баласынын көзүнчө энесин зордуктаган таксисттин иши кайрадан облустук сотто караларын Sputnik Кыргызстан агенттигине Башкы прокуратуранын маалымат кызматынан билдиришти. 

Эскерте кетсек, былтыр жайында 33 жаштагы чүйлүк келин милицияга зордукталганын айтып, арыз жазган. Анын айтымында, Балыкчыдан Бишкекке жетип алуу үчүн жалдаган таксинин айдоочусу жолдон унааны тоо тарапка буруп, эл жок жерден келинди беш жашар баласынын көзүнчө зордуктап салган

Тоң райондук соту зордуктаган адамды төрт жылга эркинен ажыратуу чечимин чыгарган. Ушундан кийин социалдык тармактарда жаза өтө жумшак болуп калгандыгы боюнча нааразычылык жаралып, мындай чечим чыгарган сотту текшерүү боюнча демилге көтөрүлгөн.

Облустук прокуратура чечимдин кайра карап чыгылышын талап кылып, эми иш облустук сотто каралмай болду. Сот отурумунун мөөнөтү азырынча белгилене элек.

Тема боюнча

Адамды коюп кеткен маршрутканы таксист менен күбө кууп жөнөгөн
Жүргүнчүнүн жанын кашайткан бишкектик таксисттер
Таксист уктап кетип, аялдамада турган кишини коюп кеткен
Белгилер:
сот, таксист, зордуктоо, Ысык-Көл

ЭҢ МААНИЛҮҮ