11:58 22 Үчтүн айы 2017
Түз эфир
Ымыркай энеси менен. Архивдик сүрөт

Бишкектик доктурлар Чоң Алайда өлүм алдындагы кош бойлуу келинди сактап калышты

© AFP / JAY DIRECTO
Коом
Кыскача шилтеме алуу
164761

Толгоосу оор болгондуктан ымыркай менен аялдын өмүрүнө коркунуч жаралган. Бактыга жараша, ал жерде Бишкектен барган дарыгерлер болуп калып, келинди ымыркайы менен аман алып калышты.

БИШКЕК, 10-янв. — Sputnik. Ош облусунун Чоң Алай айылында 10-январдын түнүндө Бишкектен барган дарыгерлер кош бойлуу келинди аман-эсен төрөтүшкөнүн Саламаттык сактоо министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Дарыгерлер Чоң Алайга жумушчу сапары менен барып, жалпы дарыгердик тажрыйба борборунда болушкан.

Маалыматка ылайык, аялдын толгоосу 9-январда эле башталган. Бирок кан кетип, жатыны жырылып кеткендиктен ымыркайдын өлүп калуу коркунучу жаралган. Облустук оорукананын алыстыгы менен күндүн суугунан кош бойлуу аялды ал жакка алып барууга мүмкүн болгон эмес.

Муну уккан дарыгерлер аялга жардам берүүнү чечишкен. Келиндин жолдошу аны эркектердин төрөтүшүнө каршы болуп, жубайынын абалы оорлошконун көргөндөн кийин гана макулдугун берген.

"Дарыгерлер аялды сактап калышты. Ыкчам жана маалында жүргүзүлгөн аракеттерден улам ымыркайдын дагы ден соолугуна коркунуч келген эмес", — деп айтылат маалыматта.

Жаңы төрөлгөн ымыркай үй-бүлөдөгү биринчи бала экенин Саламаттык сактоо министрлиги баса белгиледи.

Белгилер:
төрөт, ымыркай, КР Саламаттык сактоо министрлиги, Чоң-Алай

ЭҢ МААНИЛҮҮ