Ымыркайларга 50 миң сом жөлөк пул берүү демилгеси: реалдуубу же кыялдануубу

Жазылуу
"Кыргызстан" фракциясынын депутаттары көтөрүп чыккан жаңы төрөлгөн ымыркайларга 30 миңден 50 миң сомго чейин жөлөк пул берүү демилгеси канчалык реалдуу? Маселени колдогондор менен каршы чыккандар эмне дейт? Аталган суроолорго жооп төмөнкү макалада.

БИШКЕК, 9-янв. — Sputnik. Жогорку Кеңештин "Кыргызстан" фракциясынын депутаттары жаңы төрөлгөн ымыркайдын ата-энесине бир жыл бою жөлөк пул төлөө сунушун көтөрүп чыкты. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине аталган фракциянын депутаты, демилгечилердин бири Дастан Жумабеков билдирди.

© Sputnik / Табылды КадырбековДепутат Дастанбек Джумабеков
Депутат Дастанбек Джумабеков  - Sputnik Кыргызстан
Депутат Дастанбек Джумабеков

Эл өкүлүнүн айтымында, 2018-жылдын 15-январынан 30 миң сом (айына 2500 сом), ал эми эки жылдан кийин бул сумманы 50 миңге (айына 4166 сом) жеткирүү каралууда.

"Ушу тапта эне-баланы колдоо жөнүндө ойлонбосок, Кыргызстандын келечеги оор болуп калат. Анткени башка өнүккөн өлкөлөрдө мурунтан эле ымыркай төрөлгөн үй-бүлөлөрдү колдоп келишет. Жаңы төрөлгөн жарандарын камсыздай албаган өлкөнүн тагдыры бүдөмүк. Аларга жардам көрсөтүү менен денин сак кылып өстүрүп, патриоттук сезимдерин ойгото алабыз", — деди Жумабеков.

Эл өкүлү 2013-жылга карата берилген маалымат боюнча 155 миң 520 бала жарыкка келип, анын ичинен 3096 бала каза болгонун айтты. Бул 1000 ымыркайдын 20сы бир жашка чыкпай чарчап калат дегенди түшүндүрөт.

Депутат өп-чап турмуштан улам энелердин наристеден баш тарткан учурлары арбып баратканын жүйө келтирип, ымыркайды өлтүрүү аракеттери катталганын, айрым келиндер энелик капиталга ээ болуу үчүн Россияга барып көз жарып, балдары ошол мамлекеттин жараны болуп калып жатканын кошумчалады.

Жогорку Кеңештин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетинин мурунку жетекчиси, "Ата Мекен" фракциясынын депутаты Садык Шер-Нияз демилгечилер кайсы каржы булакка таянып жаткандыгына кызыкты.

© Sputnik / Табылды Кадырбеков"Ата Мекен" фракциясынын депутаты Садык Шер-Нияз
Депутат ЖК Садык Шер-Нияз - Sputnik Кыргызстан
"Ата Мекен" фракциясынын депутаты Садык Шер-Нияз

"Бюджеттин тартыштыгынан улам быйыл көп нерселерден баш тартууга туура келди. Ошол эле маданият тармагында 30 пайыз бюджеттик кыскартуу болду. Анан демилгечилер кайсы каржы булактарга таянуу менен маселе көтөрүп жатканын билбей жатам", — деди Садык Шер-Нияз.

Публицист, социология илимдеринин кандидаты Топчугүл Шайдуллаева маселени реалдуу кароого чакырды.

"Кыргызстандын демографиялык өнүгүүсүн эске салуу менен 30 миң сомдук жөлөк пул берүү демилгесин колдойм. Бала жаңы төрөлгөн учурда чыгымдар абдан көп болот, ошондуктан демилге жакшы. Бирок мунун каржы жагын чечиш керек. Демилгечи депутаттар элге жагынып, кулагын кубандырып жатат. Мунун реалдуу жагын карашыбыз керек", — деди Шайдуллаева. 

Ал эми экс-вице спикер, "Кыргызстан" фракциясынын депутаты Нурбек Алимбеков жакшылап аракет кылса керектелчү каражатты тапса болорун айтат. 

© Sputnik / Табылды Кадырбеков"Кыргызстан" фракциясынын депутаты Нурбек Алимбеков
Депутат VI созыва ЖК Нурбек Алимбеков - Sputnik Кыргызстан
"Кыргызстан" фракциясынын депутаты Нурбек Алимбеков

"Буга чейин төрөлгөн ымыркайлар пособие алып келген. Жөлөк пул алышчу эмес. Биз акырындык менен жөлөк пул төлөөнү сунуштап жатабыз. Ооба, бюджеттен көп акча кетет. Бирок тапса болот. Башка нерселерге деле таап жатпайбызбы, андыктан өкмөткө каражат табуу боюнча талап коебуз", — деди Алимбеков. 

Эл өкүлү мыйзам кабыл алынса аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдары пособие жана жөлөк пул аларын, ал эми пособие албагандарга жөлөк пул гана берилерин кошумчалады.

Вице-премьер Чолпон Султанбекова мыйзам долбоорунун күңгөй-тескейи парламентте талкууланып такталарын билдирди. 

© Sputnik / Табылды КадырбековДепутат Чолпон Султанбекова
Депутат Чолпон Султанбекова - Sputnik Кыргызстан
Депутат Чолпон Султанбекова

"Карап көрсө ишке аша турган эле демилге экен. Ооба, каржы булактарынын тартыш жактары бар. Бирок мыйзам долбоору азыр парламентте каралса, акча табуу жолдору талкууланат", — деди Султанбекова.

Анткен менен Каржы министрлиги каржы булагынын жогун жүйө келтирип аталган демилгеге каршы пикирин айтты.

Мектеп окуучулары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Менчик мектептерди салыктан бошотуу саясаты: эксперттер эмне дейт?
"Аз камсыз болгон балдарга колдоо иретинде азыр деле акча берилип келет. Ал эми демилгеленген мыйзам долбоорунда акчаны табуу булагы көрсөтүлгөн эмес. Мындан сырткары, демилге Каржы министрлиги менен макулдашылбаган", — деп жазылат билдирүүдө.

Төрөлгөн ымыркайларга бир жылдын ичинде 30 000ден 50 000 сомго чейинки өлчөмдө социалдык жөлөк пул берилсе бир жашка чейинки балага айына 2500дөн 4166 сомго чейин тиет. Бул республикалык бюджеттен бир жылга 4 665 миллиард сомдон 7776 миллиард сомго чейин талап кылат.

Белгилей кетсек, "Кыргызстан" фракциясы шайлоого аттанып жатканда жаңы төрөлгөн ымыркайларга 50 миң сом сүйүнчү берилерин убадалаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0