"Фрунзе" дүкөнүндөгү бузулду деген этти эксперттер текшерет

© Sputnik / Константин Чалабов / Медиабанкка өтүүЭт сатуу. Архив
Эт сатуу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Гипермаркеттин пиар-менеджери алардын товарлары сапаттуу экенин айтууда. Бирок кардар этти экспертизага берүүгө ниеттенип жатат.

БИШКЕК, 5-янв. — Sputnik. Бишкек шаарынын тургуну Алина Осмонова "Фрунзе" дүкөнүнөн эт сатып алган. Бирок анын сапатынан шек санагандыктан лабораторияга экспертиза берүүгө ниеттенүүдө. Өз кезегинде гипермаркеттин өкүлдөрү аларда сапаттуу гана товарлар сатыларын айтып жатат.

Бишкектеги тез татым жайы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Бишкектен сатып алынып, лабораторияга берилген бургер. Sputnik иликтөөсү
4-январда Осмонова "Фрунзе" дүкөнүнөн сатып алынган эттин сүрөтүн Facebook баракчасына жарыялаган. Ал эттин арасындагы сары бүртүкчөлөр эмнеден кабар берерине кызыккан. Айрымдары анын курт экенин айтышкан.

"Фрунзе" гипермаркетинин пиар-менеджери Аманат Иманалиева эт сатып алынган деген дүкөнгө текшерүү жасоо үчүн санитардык кызматтын өкүлдөрү менен журналисттер чакырылганын Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди. Алар Осмонованы да чакырып сатып алган этин көрсөтүүнү суранышкан, бирок ал иши көптүгүн айтып келе албастыгын айткан. ЖМК өкүлдөрүнүн көз алдында жүргүзүлгөн текшерүү дүкөндөгү товарлар талапка жооп берерин көрсөткөн.

"Осмонова этти текшерүүгө өз алдынча берерин айтты. Бул жерде сөз тез бузулуучу азык тууралуу болуп жаткандыктан экспертизанын жыйынтыгынан кооптонууга болот. Дүкөнгө түшкөн эт эртең менен дайыма текшерилет", — деди Иманалиева.

Өз кезегинде Осмонова сатып алган этти өз алдынча экспертизага берүүгө аракет кылып жүргөндүктөн гипермаркеттин жетекчилиги менен жолугушууга бара албай калганын Sputnik Кыргызстан агенттигине түшүндүрүп берди. Кардар ага эт саткан жайдын ээси чалганын айтып, этти чогуу экспертизага алып барууну сунуштаганын билдирди. Бирок Осмонова тигил кишини тааныбагандыктан сунушунан баш тарткан.

"Бул иш мынчалык ызы-чуу жаратат деп такыр ойлогон эмесмин. "Фрунзе" дүкөнүн мен алдын ала күнөөлөбөйм. Этти текшерүүгө эртең берем. Бүгүн санитардык дарыгер ордунда жок болгондуктан бере албай калдым. Эгер менин шектенүүм далилденсе, керектүү чараларды көрөм", — деди ал. 

Осмонова эт саткан бөлүмдүн ээси экспертизанын жыйынтыгын күтө турууну сунуштагандыктан Интернетке жарыялаган билдирүүсүн өчүрүп койгонун айтты.

Жаңылыктар түрмөгү
0