Кыргыз аргымагы демекчи, ал жоголуп баратканда тыкыр изилдеп чыгып, калыбына келтирүүчүлөрдүн башында турган адам ушул. Учурда КРдин ат спорту боюнча федерациясынын вице-президенти.
Султанов Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы Бегимай Бакашевага кыргыз аргымактарын экспорттоо жана жылкылардын чет жерлерде жараткан ийгиликтери тууралуу айтып берди.
— Кыргыз аргымактарын экспортто менен алектенет экенсиз, чын эле биздин жылкыларга суроо-талап көппү?
— Албетте! Азыр көбүнчө Монголия, Индонезия жана Кытай сурап жатат. Негизги көйгөй — бизде алар каалаган санда сата турган жылкылар жок.
— Эмне себептен?
— Асыл тукум жылкыларды багуу жана көбөйтүү маданиятыбыз калыптанган эмес. Жылкыны туура бага алчу адистер өтө аз. Экинчиден, жылкы фермаларынын ээлери жасалма уруктандыруу жолун жакшы өздөштүрбөй жатышат, каалоо жок. Түшүндүрүп жеткире албай койдум. Табигый жол менен бир айгыр жылына 15-20 бээни уруктандыра алат. Анын ону чоңоюп жетилсе, ичинен дагы канчасы мыкты чыгары белгисиз. Ал эми лаборатория шартында жасалма уруктандыруу кылсак бир айгырдан жылына 500гө чейин бээни туудурса болот.
— Кыргызстанда жасалма жол менен уруктандырган лаборатория барбы?
— Сокулукта мыкты адистер иштеген, заманбап жабдуу менен камсыздалган лаборатория бар.
— Жогоруда жылкы фермалардын ээлери түшүнбөй жатат дедиңиз. Сиздин аларга кандай тиешеңиз бар?
— Сөзүңүзгө караганда кыргыз аргымактары Монголияга көбүрөөк жиберилет экен. Себеби эмнеде?
— Монгол аргымагын кыргыз аргымагынын базасында калыбына келтирүү боюнча иш башташты. Биз бул боюнча бир нече келишимдерге кол койгонбуз.
— Спорттук максатта сатылган аттар барбы?
— Кыргыз жылкылары классикалык спорттун рейнинг, эндьюранс, поло жана хорсбол түрлөрүнө жарайт. Булар спорттун аристократтык түрлөрүнө киргендиктен, жалаң олигархтар ойношот. Аларга жылкы дүйнөнүн кайсы жеринен келери маанисиз, негизгиси мыкты болушу керек.
— Чет өлкөгө кетип, ал жактан ийгилик жараткан жылкылар барбы?
— Литванын Шяуляй шаарында Кыргызстандан кеткен Арман аттуу айгыр бар. Ал абдан көп эл аралык мелдештерди жеңген. Анын атасынын атасы Ахалтекиндин Абцент деген линиясынан чыккан, ат бийи боюнча үч жолку дүйнө чемпиону, олимпиада оюндарында байгеге татыган. Энеси — кыргыз бээси. Арман азыр Литвадагы жаңы ачылган жылкы фермасынын башаты болгону турат. Кытайдын Үрүмчү шаарындагы жылкы фермасына Мускат деген айгырды бергенбиз. Ал азыр Үрүмчүдөгү №1 айгыр, андан тукум алууну каалагандар өтө көп.
— Чет өлкөгө экспорттолгон жылкылардын баалары кандай?
— Жаш тайларды 3-5 миң доллардан жөнөтүп жатабыз. Ал эми чоң айгырлардын баасы 30 миң доллардан жогору. Бирок биз аларды сата албайбыз. Мыкты айгырлар өзүбүздө тартыш.
— Кыргызстандан сыртка мал алып чыгуу жолдору татаал болсо керек?
— Анда алыскы чет өлкөлөргө жылкы экспорттоо биз үчүн өтө татаал турбайбы?
— Кыргызстандын ветеринардык справкаларын Европанын бир да өлкөсү тааныбайт. Ошондуктан биз ал жакка чыгаардан мурда ветеринардык абалы жакшы деп эсептелген Россия же Украинага барып, жылкыны ошол жерде карантинде 90 күн кармап турушубуз керек. Ошондон кийин гана сата алабыз. Бирок бул биз үчүн өтө кымбат болуп кетет.
Мени катуу өкүндүргөн бир жагдай бар. Мындан 20 жыл мурун Чыңгыз Айтматов Евробиримдикке чуркап жүрүп, Ысык-Көлгө эркин экологиялык аймак статусун алып берген. Ал Кыргызстан үчүн өтө маанилүү экени түшүнгөн. Эгер ошол ишти улантып кетсек, азыр Ысык-Көл Европанын бир уучу болуп калмак. Ысык-Көлдө өскөн жер-жемиш, багылган мал дүйнөнүн ар тарабына эч тоскоолдуксуз кетмек. Арабдардын жылкыларын убактылуу багып берип, миллиондорду тапмакпыз.
— Кандайча?
Биздин өлкөгө Япониянын Олимпияда комитетинин президенти, ханзаада Цуникадзу Такеда дагы абдан кызыгат, ал Кыргызстанга келип кеткен. Дал ушул кишинин кепилдик каты менен Кыргызстан 25 жыл мурда Ат спорту боюнча эл аралык федерацияга КМШ өлкөлөрүнүн ичинен биринчи болуп кирген.