БИШКЕК, 24-дек. — Sputnik. "Азия MIX" КВН командасынын негизги курамы мындан ары дагы чыгармачылыктан алыстабай, ар кандай интернет жана теледолбоорлор менен алектенет. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине команданын жетекчиси Элдияр Кененсаров билдирди.
Белгилей кетсек, бир нече күн мурун Кененсаров өзүнүн Instagram баракчасына КВНдин жогорку лигасындагы оюн "Азия MIX" үчүн акыркы болорун жазган. Буга байланыштуу күйөрмандарды топтун мындан аркы тагдыры кызыктыра баштаган.
"Команда мүчөлөрүнүн ар биринин жеке пландары бар. Ал эми негизги курам мурдагыдай эле теле жана интернет долбоорлору менен алектенет. Атургай пландап жаткан долбоорубуз бар, бирок ал тууралуу жар салууга эртерээк. Күйөрмандар бизди таптакыр эле жоготуп албайт. Дагы далай кездешебиз", — деди Кененсаров.
Учурда жалпы команда эс алууда.
"Оюндан кийин ичимде кандайдыр бир боштук пайда болуп калды. Бирок жагымдуу боштук. Бизди колдогон жана ишенген күйөрмандардын баарына ыраазычылык билдиребиз", — деди Кененсаров.
Команданы өлкө президенти дагы куттуктап, жеңиш кыргыз элине жаңы жылдык белек болгонун айтты.