Бишкек — Ош жолунан жеңил автоунаалар өтүп баштады

© Фото / пресс-служба МЧС КРБишкек — Ош унаа жолундагы унаалар. Архив
Бишкек — Ош унаа жолундагы унаалар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ал эми оор жүк ташуучу автоунаалар үчүн "Сосновка" жана "Арал" постунан чектөө алына элек.

БИШКЕК, 24-дек. — Sputnik. Бишкек — Ош жолунан жеңил автоунаалар өтүп баштаганын ӨКМ билдирди.

Маалыматка ылайык, 24-декабрда түнкү саат 01:00дө Бишкек — Ош унаа жолунун "Сосновка" постунан жеңил унааларга коюлган чектөө алынып, өтүп баштаган.

"Түнкү саат 1:50 чамасында "Арал" жана Кара-Көл шаарындагы посттон жеңил автоунаалар үчүн киргизилген чектөө алынып, өтүп башташты", — деп айтылат маалыматта.

Ал эми оор жүк ташуучу автоунаалар үчүн "Сосновка" жана "Арал" постунан чектөө алына элек.

23-декабрда "Сосновка" постунда жеңил жана жүк ташуучу автоунааларга чектөө киргизилип, 300дөй автоунаа токтоп калган. Алардын айдоочулары үчүн ӨКМ атайын жай уюштуруп, ысык тамак берген болчу. 

Жаңылыктар түрмөгү
0