БИШКЕК, 23-дек. — Sputnik. Ош базарына жүргүзүлгөн рейд учурунда эт жүктөлгөн автобус кармалды. Бул тууралуу Бишкек шаардык Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча инспекциясы билдирди.
Маалыматка ылайык, рейд Ички иштер министрлиги менен биргеликте жүргүзүлгөн.
"Ош базарынын аймагындагы Кулиев көчөсүнөн тогуз уйдун эти жүктөлгөн автобус кармалды. Эттер түшүрүлүп, атайын лабораторияга жөнөтүлдү",— деп жазылат маалыматта.
Белгилей кетсек, автобустагы эттерге Каракол шаарынын мал доктурлары тарабынан тиешелүү документтер берилген.
Эске салсак, буга чейин Коомдук телерадиокорпорациясынын (КТРК) кабарчылары журналисттик иликтөө жүргүзүп, Ош базарында өлгөн малдын эти ой-келди сатылып, аларды көбүнесе колбаса цехтери алары айтылган. Ал эми шаардык мэрия рейд жүргүзүп, өлгөн малдын эти Ош базардан табылбагандыгын маалымдаган.