БИШКЕК, 19-дек. — Sputnik. Кийинки жумада шаар тургундары төрт күн бою Бишкектин төрт троллейбусунда акысыз жүрө алышат. Бул тууралуу "Троллейбуста акысыз жүрүү күнү" акциясынын уюштуруучусу Ринат Шамсутдинов билдирди.
Дүйшөмбү күнү акциянын уюштуруучусу Бишкек троллейбус башкармалыгынын жетекчилиги менен жолугуп төрт троллейбустун ижарасын төлөдү. Буга чейин үч троллейбуска пландалган эле. Ижаранын баасы айдоочулар иштеп тапкан норманын негизинде такталган. Мисалы №11 маршруту үчүн саатына 260 сом коюлган.
Бишкек троллейбус башкармалыгы бул маалыматты тастыктады. Иш-чара кийинки аптада өтөт.
Каттамдын тизмеси:
26-декабрда жүргүнчүлөр №5 троллейбуста акысыз жүрө алышат. Анын убактысы саат 13.30дан 21.38ге чейин созулат. 28-декабрда №11 троллейбус, ал саат 13.49дан 21.27ге чейин жүрөт. 29-декабрда №7 троллейбус саат 14.18ден 21.37ге чейин иштейт. Ошондой эле 30-декабрда №10 троллейбус саат 13.40тан 21.27ге чейин жүргүнчүлөрдү бекер ташыйт.
Транспортто акысыз ташуу акциясы боюнча маалымат жазылат.