БИШКЕК, 14-дек. — Sputnik. Бишкек шаарындагы Токтогул көчөсүнө жаңы жол көрсөткүчтөр орнотулгандыгы тууралуу шаар тургуну Атай Садыбакасов Facebook баракчасына жазып чыкты.
Анын айтымында, жаңы орнотулган жол көрсөткүчтөр Нью-Йорктогу белгилерге караганда сапаттуу.
"Эртең менен Токтогул көчөсү менен өтүп калсаңыздар Бишкектеги жол көрсөткүчтөр Нью-Йорктогуга караганда сапаттуу экенин көрүп сыймыктанып калсаңыздар керек. Бирок биздин мындай кадамды мэрия вандализм катары кабыл албаса эле болду", — деп жазып чыкты Садыбакасов.
Ал акыркы күндөрү, айрыкча, референдум менен жергиликтүү кеңештерди шайлоо алдында "апамды оозанып сөз берем, бардыгы эл үчүн" деген кургак кыйкырыктар адамды жадатып бүткөнүн белгилеп, иш жасоо үчүн үгүт иштерин жүргүзүп убара болуунун кажети жок экенин айткан. Жол көрсөткүчтөр кыргыз жана англис тилдеринде жазылган.
Ал эми Бишкек мэриясынын маалымат кызматынын жетекчиси Гуля Алмамбетова бул маселе азыр иликтенип жатканын айтып, кандай чара көрүлөрү кийинчерээк белгилүү болоорун Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.