Караколдо туристтик сезон үзгүлтүккө учуроо коркунучунда турат

© Фото / Сергей ЕршовГорнолыжная база "Каракол"
Горнолыжная база Каракол - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Чет элдиктердин милдеттүү катталуусу боюнча мыйзам долбоору бир топ пикир келишпестиктерди жараткан. Айрымдар бул туризмдин өнүгүүсүнө терс таасирин тийгизет деп эсептесе, кээси эл аралык келишимдердин алкагында иш алып барууга шарт түзөрүн айтат.
Азамат Айтбаев: жаңы мыйзамдын айынан Ысык-Көлдө туристтер азайып кетти

БИШКЕК, 12-дек. — Sputnik. Караколдо туристтик сезон үзгүлтүккө учуроо коркунучунда турат. Ишкерлер чет элдиктерди каттоого алуу жараянын жокко чыгарууну суранып жатышканын Sputnik Кыргызстан агенттигине шаардык кеңештин депутаты Азамат Айтбаев билдирди.

Ушул жылдын 4-ноябрында "Тышкы миграция жөнүндө" мыйзамына киргизилген өзгөртүүлөр күчүнө кирген. Аталган мыйзам боюнча Кыргызстандын аймагында беш күндөн ашуун жүргөн чет элдиктер каттоого турууга милдеттендирилет. Аталган мыйзам 30 күндүк каттосуз жүрүү боюнча келишим түзүлгөн Россия мамлекетинин жарандарына гана тиешеси жок.

"Караколдуктар туристтерди каттоодон өткөрүү чечимин жокко чыгарууну өтүнүп жатышат. Бейрасмий маалыматтарга караганда Каракол шаарында 300гө жакын мейманкана, конок үйлөрү жана хостелдер бар. Алардын негизги кирешеси туризм болуп эсептелет. Караколдуктар президент Атамбаевге жана Жогорку Кеңештин депутаттарына "Тышкы миграция жөнүндө" мыйзамына киргизилген өзгөртүүнү кайтарып алуусун суранышып, видео кайрылуу жасашты", — деди Айтбаев.

Анын айтымында, көптөгөн туристтер атайын жолдомо менен эмес, өз алдынча келишет. Алар маршрутту өздөрү түзүп, убактысын өздөрүнө ылайыктуу бөлүштүргүсү келет. Буларга каттоодон өтүү бир топ ыңгайсыздыктарды жаратууда. 

"Туристтер бизге эс алууга келишет, биз аларга жакшы шарттарды түзүп беришибиз керек. Мурдагы жылы, былтыр бул убакта туристтер өтө көп болчу. Бул жылы алар бизден качып, кирүү шарттары жеңилирээк өлкөлөрдү тандап кетип жатышат", — деди депутат.

© Фото / Азамат АйтбаевДемейде жык-жыйма болуп турган эс алуучу жай учурда каңгырап бош турат
Туристический сезон в Караколе - Sputnik Кыргызстан
Демейде жык-жыйма болуп турган эс алуучу жай учурда каңгырап бош турат
Тышкы иштер министрлиги менен Маданият, маалымат жана туризм министрлиги бул боюнча кийинчерээк комментарий берүүгө убада кылышты.

Мурдараак бул маселе бир топ талаш-тартыштарды жараткан. Мисалы, Туризм департаментинин директорунун орун басары Максат Усубалиев өз алдынча келген туристтерге беш күн өтөт аз экенин белгилеген. 

Презентация Боинг 737-800 с надписью Bubusara (Бубусара) - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстан туристтерди жаңы технологиялар менен кызыктырат
Ал эми Тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев аталган норма эл аралык келишимдердин алкагында иш алып барууга шарт түзөрүн айткан. Адистердин ар түркүн пикирине карабай министр өзгөртүүлөр туристтик тармакка кесепетин тийгизбейт деп эсептейт. 

Бирок Мамлекеттик каттоо кызматы милдеттүү түрдө каттоодон өтүүнү беш күндөн 30 күнгө чейин көбөйтүү боюнча токтом долбоорун өкмөттүн аппаратына жолдоодо. 

Аталган норма 67 өлкөнүн жарандарына тиешелүү.

Жаңылыктар түрмөгү
0