БИШКЕК, 8-дек. — Sputnik. Кечээги саат 21ден баштап Бишкек — Ош унаа жолуна чектөө киргизилди. Бул тууралуу ӨКМден кабарлашты.
Маалыматка ылайык, үстүбүздөгү жылдын 7-декабрында саат 21-00дө Бишкек-Ош унаа жолунун 128-чакырымында унаа тыгыны пайда болгон.
"Унаа тыгынга байланыштуу 271-чакырымында "Арал" постунда Кайгуул милиция кызматкерлери тарабынан оор жүк ташуучу унааларга убактылуу чектөө киргизилген", — деп жазылат маалыматта.
Мындан сырткары "Сосновка" постунда оор жүк ташуучу унааларга убактылуу чектөө коюлду.