Чехияда окуган Айгерим: 1000 евро стипендия алып, бай чехтердин катарындамын

© Фото / предоставлено Айгерим ТемирбековойЧехиянын Прага шаарындагы Банк институтунда Евробиримдиктин "Эразмус Мундус" долбоору аркылуу окуп жаткан кыргызстандык студент Айгерим Темирбекова
Чехиянын Прага шаарындагы Банк институтунда Евробиримдиктин Эразмус Мундус долбоору аркылуу окуп жаткан кыргызстандык студент Айгерим Темирбекова - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Учурда көпчүлүк жаштар чет өлкөдөн билим алууну кыялданыт. Тилекке каршы, ийгилик баарына эле жылмая бербейт. Мына ошол кыялын орундатып, учурда Чехияда окуп жаткан Айгерим Темирбекова жаштарды кызыктырган бир нече суроолорго жооп берди.

Айгерим Темирбекова быйылкы окуу жылында Евробиримдиктин "Эразмус Мундус" долбоору аркылуу учурда Чехиянын Прага шаарындагы Банк институтунда айына 1000 евро стипендия алып окуп жатат. Айгерим Sputnik Кыргызстан агенттигине мындай мүмкүнчүлүккө кантип жетишкенин жана Чехиядагы жашоосу тууралуу айтып берди.

— Алгач кантип чет өлкөдө окуп калганыңыз туурасында айтып берсеңиз? 

Студенттер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Чет өлкөдөн билим алгысы келгендерге күмүш сырга
— Мектепти бүткөн соң Жусуп Баласагын атындагы КУУга тапшырып 2-курстун аягына чейин окудум. Анткени долбоордун шартына ылайык 2-курсту бүткөндөн кийин кабыл алмак. Кыргызстан боюнча бул долбоорго көптөгөн студенттер тапшырган болчу. Ошонун арасынан бирге окуган курсташым экөөбүз эле өтүптүрбүз. Алгач тапшырып жатканда, "өтпөй калсам уят болом" деп эч кимге айткан эмесмин. Керектүү документтеримди чогултуп, быйылкы окуу жылдын башында Прагага келдим. Учурда Банк институтунун банк жана менеджмент факультетинде 3-курста окуп жатам. 

— Ал жактын жашоо-шартына көнүп калдыңызбы?

— Биринчи келгенде тил жагынан бир аз кыйналдым. Анткени чехтер эне тилин аябай сыйлайт, бир нерсе сурап орусча же англисче кайрылсаң, "мен сизди түшүнбөйм" деп кетип калат. Жакшы жери кайсы улуттан экениңе карабай бирдей мамиле жасайт. Керек болсо, сый-урмат көрсөтүп, эшик ачып жол бошотуп беришет. 

— Сиз окуган инсититутта баары 1000 евро стипендия алабы? 

— Кыргызстандан барган курсташым экөөбүз жана тажик улутундагы бир бала үчөөбүз эле 1000 евро алабыз. Калгандары 400-700 евро алат. 

— Стипендияңыз өзүңүзгө жетеби, же ата-энеңиз да акча жөнөтүп турабы? 

— Ата-энемден акча сурабайм, алган стипендиям ашыгы менен жетет. Айына 150 евро жатаканага төлөсөм, 200 евро тамак-ашка кетет. Калган 650 еврону кийинки жылы магистратурага тапшырганда жумшайм деп топтоп жатам. Анткени анда стипендия берилбей калат. Чехиялыктардын орточо айлыгы 600-700 евро. Демек мен бай чехтердин катарындамын десем да болот. 

— Чехияда окутуунун методдору кандай экен, биздин окуу жайлардан айырмачылыгын байкай алдыңызбы? 

Аналитик компании Facebook из Кыргызстана Зарема Асанбекова - Sputnik Кыргызстан
Facebook компаниясында иштеген кыргыз кызы: билим алууга эч качан кеч эмес!
— Бул жакта сабактарды студенттер өздөрү тандашат. Кыргызстандагыдай мугалимдер лекцияны окуп берип жаздырбайт. Теманы экран аркылуу көрсөтүп айтып берет. Аны жазып-жазбоо өзүңдүн ишиң, эч ким "жаз" деп мажбурлабайт. Ар университеттин ички маалымат системасы бар. Ал жактан студент сабактардын жадыбалын, келип-келбей калган күндөрүн билип турат. Мугалимдерге e-mail почтасы аркылуу берилген тапшырмаларды жиберебиз. Таң калычтуусу — чех тилдүү мамлекеттик окуу жайлардын баары акысыз. Ал эми англис тилинде окугандар 1000-14000 евро контракт төлөшөт.

— Кыргызстандагы студенттер сизге окшоп, Чехиянын борбор калаасында 1000 евро стипендия алып окуш үчүн эмне кылыш керек? 

— Мен окуган "Эразмус Мундус" долбоору буга чейин Кыргызстандан 5-6 студентти кабыл алчу. Быйыл экөөбүздү эле кабыл алып, ошол бойдон ишмердүүлүгүн токтотту. Ушуга эле окшош 400-700 стипендия берген "Эразмус плюс" деген долбоор бар, кызыккандар ошого тапшырса болот. Ал үчүн эң негизгиси англис тилин билип, академиялык жетишкендиктери жогору болуп жана мотивациялык катты мыкты жазыш керек.

— Чет өлкөдө окуу балалыкта эңсеген кыялдарыңыздын бири болсо керек?..

— Туура таптыңыз, "элдин балдарындай" болуп чет өлкөдөн билим алуу — менин бирден-бир кыялым болчу. Ал үчүн Праганы тандаганыма да өкүнбөйм. Прага тынч шаар болгон үчүн атама дагы жагат. Адамдын көз жоосун алган жерлери аябай көп. Дем алыш күндөрү четинен көрүп келип жатам. 20 жаштамын. Бишкекте туулуп-өстүм. Ата-энемдин жалгыз кызымын. Атам Темир Бирназаров кинорежиссер, апам Турсун Абыкеева бухгалтер болуп иштейт.

— Ал жакта окуган канча кыргыз бар, чехтер сиздерге кандай мамиле кылат? 

— Биздин институтта экөөбүз элебиз. Башка жактарды билбейм. Чехияга туристтер көп келгендиктен көнүп калышкан окшойт, анчалык көңүл бура беришпейт. Кысым көрсөтүп же ыңгайсыздык жараткан учурлар болгон жок. 

— Чехтерден дос күтө алдыңызбы?

— Азырынча жатаканадагы кыздар жана мырзалардан бир досум бар. Дагы көбү менен достошкум келет. Мени менен жалаң өзбек, тажик, казак улутундагылар окушат. Алар менен да дос боло баштадым. 

— Студенттик жатаканада жашайсызбы, шарттары жакшы элеби?

Кыргызстандын жогорку окуу жайларында окуган студенттер өлкө башчысы Алмазбек Атамбаевдин колунан президенттин стипендияларды алышты - Sputnik Кыргызстан
Мыкты студенттер Атамбаевдин колунан президенттик стипендия алышты
— Ижарага батир алсаң, жатаканадан 2-3 эсе кымбат түшөт. Бирок батирге муктаждык деле жок. Ошол эле студенттик жатакананын ичи кенен, ижарасы арзан, дайыма таза, жылуу, ыңгайлуу жакшы шарттар каралган, эч кыйналбайсың. Бөлмөдө үч кыз жашайбыз, алардын бири Чехиядан, экинчиси Словениядан. Аябай жакшы кыздар, билбеген нерселеримди айтып, дайыма жардам беришет. 

— Чех жигиттери тийишип же сүйүүсүн арнагандары болбодубу?

— Бу жакта жигиттердин тийишкенин көрө элекмин. Сүйүүсүн арнагандар деле болгон жок. Негизи бул жактын жигиттери кечирээк үйлөнүшөт экен. Ошондуктан мени жаш кыз катары көрүшсө керек.

Жаңылыктар түрмөгү
0