Медицина илимдеринин доктору, уролог-андролог жана сексопатолог Жаныбек Мамбетов ошондой эле эркек балдардын бир катар көйгөйлөрүнө токтолду.
— Урология илими деле ичинен бир топ тармакка бөлүнөт турбайбы. Маселен сексолог менен сексопатология боюнча адистерди чаташтырып жүргөндөр бар?
— Мен 1985-жылдан тарта медицина тармагында эмгектенип келем. Ал убакта жалпы жонунан урология, тагыраагы "уро" заара, "логос" илим деп эле аталчу. Кийин андрология, башкача айтканда эркектин органдарын изилдеп, аныктоочу бөлүм өзүнчө бөлүнүп чыкты. Ал эми сексолог көбүнчө секстин психологиялык жактарына басым жасайт. Сексопатология сексуалдык ооруларды, көйгөйлөрдү изилдеп дарылаган тармак. Азыр бул багыттар дагы өз ичинен майдаланат. Бирок тамырыбыз ар башка болгону менен жүрөгүбүз бир эле.
— Сизге гомосексуалдар тууралуу суроо бергим келип турат. Бул оорубу, адатпы же тубаса көрүнүшпү?
Бул көрүнүштү оору катары эч ким так аныктай элек. Айрым учурда түйүлдүк кезинде мүчүлүштүктөр кеткенде, радиациядан улам же тукумдан өтөт деген такталбаган маалыматтар айтылып кетет.
— Кыргызда "кызтеке" деп айтылып келген. Ал эмне?
— Гермафродит деген бар. Булар табиятынан эки мүчө менен туулат. Мында аял-эркектин хромосомун текшерип, ошого жараша мүчөлөрүн өзгөртүп жүрүшөт.
— Тубаса эки мүчө менен туулгандар кийин кайсынысын көбүрөөк тандап кетиши мүмкүн?
— Бир бейтап бизге эки органы менен келди. Бирок жүрүш-турушу эркектикиндей, үнү дарылдап жоон. Жашы он экиде болчу. Азырынча паспорт ала элегине байланыштуу аны кайра жибердик. Себеби ата-энесинин макулдугу менен мүчөсүн жасап койсок, кийин паспорт алганы келгенде аял эмес эркек болмокмун же тескерисинче болушу керек болчу деп даттанса юридикалык жактан биз утулуп калышыбыз мүмкүн.
— Азыр сиз эмгектенип жаткан Улуттук госпиталдын урология бөлүмүндө мындан 3-4 жыл мурун өзбек бала мүчөсүн алмаштырганын билебиз. Андан бери операция жасаткандар болдубу?
— Операция жолу менен жынысыңды алмаштыруу деле кыйын болсо керек?..
— Эркекти аял кылыш көп деле кыйынчылык жаратпайт. Мындан аялдан эркек жасаш оорураак болот. Татаал этаптар менен жүргүзүлөт.
— Анан жасагандан кийин балалуу боло алышабы?
— Жок. Эч кандай балалуу боло албайт.
— Консультацияга келип дарыгерлердин кеңешинен кийин нормалдуу эркек болуп кеткендер барбы?
— Жок, андай болгон жок. Организм баш ийбейт.
— Эркек балдардын тукумсуздугу акыркы кезде көп кездешкендей…
— Азыр тукумсуздук деген күн санап өсүп жатат. Маселен тукумсуздук союз убагында бир жылда бир кездешсе биз үчүн чоң жаңылык болчу. Азыр бир жумада экиден кездешип жатат. Себептери — экологиянын бузулушу, дене-тарбия эмес жөн эле кыймылдын жоктугу, туура эмес тамактануунун кесепети. Экинчиси, менталитет жагынан бизде уялчаактык бар. Жашырып жаап жүрө беришет же өз билгенинче дарылашат. Анан бизге өтүшүп кеткенде келишет. Ошон үчүн ооруну дарылагандан көрө алдын алган оңой болот деп айткым келет.
Бизде илгертеден бери сызга отурба деп көрпөчөгө отургузчу, бутуңду жылуула, чийки суу ичпе деген жакшы кеңештерин айтып келишет. Ат үстүндө жүрүү жамбаштын этине желпиген сайын кандарды уютпай массаж катары кызмат кылчу. Албетте калориялуу тамак-аштын да таасири күчтүү болчу.
— Окурмандага жыйынтык сөз катары эмне деп айткыңыз келет?