00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
20:00
5 мин
Об экономике и не только с Кубатом Рахимовым
20:06
48 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
Мошенники ушли в интернет: как кыргызстанцев обманывают в мессенджерах
08:04
41 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Быйыл Ала-Арча паркында айнек көпүрө, мечит, спорт комплекс курулат
09:05
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
Как правильно жаловаться государству и не тратить время впустую - разговор с юристом
10:04
46 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Мугалимдердин кесиптик деңгээлин жогорулатууга жаңы ыкмалар колдонулат — функционалдык сабаттуулук, STEM, санариптик көндүмдөр
11:04
34 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
On air
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Быйыл айдоо аянты көбөйтүлдү — өлкөдө жазгы талаа иштерине даярдык кандай?
13:04
46 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ачык кеп
Медициналык камсыздандыруу полисин алган жарандарга дагы кандай жеңилдетилген кызматтар кошулат?
15:05
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Экономикалык панорама
Өлкөдөгү логистикалык системанын келечеги: Кыргызстан транзиттик өлкө боло алабы?
17:04
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Новая валюта или новая реальность? Зачем Кыргызстану цифровой сом
18:07
46 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Кеменгер
Кыргыз жылкы менен байланышты үзгөн жокпу — жаштар эмнелерди биле жүрүшү керек?
19:06
55 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Медициналык камсыздандыруу полисин алган жарандарга дагы кандай жеңилдетилген кызматтар кошулат?
21:05
44 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Алты саны аман кишилердин калышпаган колу жок "ноокендик программист"

© Фото / Талгат БакиевПрограммист из Ноокена Назиржан Тайлаков
Программист из Ноокена Назиржан Тайлаков - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Биздин каармандын учурда 10дон ашуун шакирттери бар. Назиржандын үйрөткөн билиминин арты менен алардын көпчүлүгү учурда жумуш менен камсыз болушкан.

БИШКЕК, 3-дек. — Sputnik. Сегиз жашында электр тогуна урунуп эки колунан ажыраган Ноокен районунун тургуну Назиржан Тайлаков учурда райондун ишеничтүү, беделдүү программисти. Биздин кабарчылар ноокендик бул жигитке барып, жолугуп, маектешип кайтты. 

Жергиликтүү жарандар бузулган компьютерлерин Назиржанга келип, оңдотуп кетишет. Башка аймактардагылар "ноокендик программист" деп атап коюшат. 

Жизнь 17-летней Элизы Орозбаевой с ДЦП - Sputnik Кыргызстан
Ортодо калган окуучу. Оорудан да алты саны аман чоңдордун мамилеси тушаган Элиза
Назиржан биз менен сүйлөшүп отурганда колунун жоктугуна моюн сунганы менен кыйынчылыкка алдырбай тургандыгын айтты. Азыркыдай болуп, алты саны аман адамдардан кем калышпай, адис катары элдин ишенимине кирүү эбегейсиз мээнетти талап кылганын жашырган жок.

Калемди тиштеп жазып, ызалуу күндөрдү башынан өткөргөн Назиржан мектепти кызыл күбөлүк менен аяктаган. Ош мамлекеттик университетке тапшырып, бир жылдан соң үй шартына байланыштуу окуусун таштоого аргасыз болуптур…

Анткен менен Назиржан адеп сүйлөшө баштаганыбызда бардык ийгилигинин башатында анын апасы тургандыгын баса белгиледи.

"Мектепте 4-класстан баштап калемди тиштеп алып жазчумун. Апам ар дайым окугун, мени башкалардын алдында уят кылбагын деп талапты катуу коё турган. Албетте, башкалар шылдыңдаган кундөр деле болду, бирок кийин мазактагандарга көңүл бурбаганга аракеттендим. Азыр эч нерсеге өкүнбөйм", — деди "ноокендик программист". 

Назиржандын апасы Мавлюда Режевалиева да башка ата-энелер сыяктуу өз баласынын жашоодо бактылуу болушун тилейт. 

© Фото / Талгат БакиевСегиз жашында электр тогуна урунуп эки колунан ажыраган Ноокен районунун тургуну Назиржан Тайлаков учурда райондун ишеничтүү, беделдүү программисти.
Сегиз жашында электр тогуна урунуп эки колунан ажыраган Ноокен районунун тургуну Назиржан Тайлаков учурда райондун ишеничтүү, беделдүү программисти. - Sputnik Кыргызстан
1/2
Сегиз жашында электр тогуна урунуп эки колунан ажыраган Ноокен районунун тургуну Назиржан Тайлаков учурда райондун ишеничтүү, беделдүү программисти.
© Фото / Талгат БакиевЖергиликтүү жарандар бузулган компьютерлерин Назиржанга келип, оңдотуп кетишет. Башка аймактардагылар "ноокендик программист" деп атап коюшат.
Жергиликтүү жарандар бузулган компьютерлерин Назиржанга келип, оңдотуп кетишет. Башка аймактардагылар ноокендик программист деп атап коюшат. - Sputnik Кыргызстан
2/2
Жергиликтүү жарандар бузулган компьютерлерин Назиржанга келип, оңдотуп кетишет. Башка аймактардагылар "ноокендик программист" деп атап коюшат.
1/2
Сегиз жашында электр тогуна урунуп эки колунан ажыраган Ноокен районунун тургуну Назиржан Тайлаков учурда райондун ишеничтүү, беделдүү программисти.
2/2
Жергиликтүү жарандар бузулган компьютерлерин Назиржанга келип, оңдотуп кетишет. Башка аймактардагылар "ноокендик программист" деп атап коюшат.

Эркти бекемдеген кырсык. Эки колунан ажырагандан кийинки Саматтын өмүрү
"Балам кырсыктан Ошто ооруканада жатты. Ошондо ичимден өзүмө сөз берип, уулумду эч качан жер каратпайм дедим. Эрдимди бекем тиштеп, окутам, билим берем, өзүм компьютер жаатында сабак бергендиктен ушул багытка тартам, майып деген сезимден алыс кылам деп өзүмө максат койгом. Кийин кыздарын бербей, ата-энелери каршылык кылган учурлар болду. Азыр эл алдында да жүзүм жарык, балам ичпейт, чекпейт, өз эмгеги менен оокатын кылып жатат", — деди энеси.

26 жаштагы Назиржан уй-бүлөдө да негизги жардамчы. Програмисттик ишинен сырткары уй иштерине кол кабыш кылганга да убакыт табат.

Биз менен сүйлөшүп отуруп, ал өкмөттөн бөлүнгөн майыптык пенсиянын көзүн карап калбай тургандыгын айтты.

"Биринчи топтогу майыптыгым үчүн 3000 сом пенсия берет, бирок аны эле карап калбайм. Өзүм иштеп жатам. Башкаларга пайда келтирип, алардын иштеп, оокат кылып кеткенине жардам бергениме каниет кылам", — деген Назиржандын кайратына баа бербей коё алган жокпуз.

Баса, биздин каармандын учурда 10дон ашуун шакирттери бар. Назиржандын үйрөткөн билиминин арты менен алардын көпчүлүгү учурда жумуш менен камсыз болушкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0