Ортодо калган окуучу. Оорудан да алты саны аман чоңдордун мамилеси тушаган Элиза

© Фото / Бегимай БакашеваЖизнь 17-летней Элизы Орозбаевой с ДЦП
Жизнь 17-летней Элизы Орозбаевой с ДЦП - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Элизанын курагындагы кыздардын дээрлик баары текчесинде атыр, упа пайда болуп, улам-улам күзгүгө каранып, кылыктанып калган кези. Айрымдары алгачкы сүйүүгө кезигип, алеп-желеп болуп жүрсө, дагы бири мына-мына мектепти бүтөм, анан жогорку окуу жайга тапшырам деген тилек менен жашап келет.

Биздин бүгүнкү каарман 17 жашар Элиза Орозбаевада анын бири жок. Мектептен чыгып калып, үйүндө отурганына эки жыл болду. Кыздын мектеп курагы өтүп баратканына карабай, 8-класстан өйдө көчпөй калгандыгына ким күнөөлүү? 

Тагдыр чечкен 2600 сом болдубу?

Каарманыбыз балдардын церебралдык параличи менен жабыркайт. Бала кезинен бери колу-буту жакшы кыймылдабай, коляскада отурат. Энеси Айгүл Орозбаева жалгыз бой эне, үй-бүлөнүн финансылык абалы оор. Анын айтымында, кызы окуп жүргөн кезде мектеп фондусуна ата-энелер ыктыярдуу төлөй турган 2600 сомду бере алган эмес. Жалгыз бой эне кызынын мектептен чыгып калганына ушул дагы себеп болду деп эсептейт. 

"Кызым Бишкектеги №33 мектепте окуй турган. Биздеги мектептерде ата-энелерден акчаны кандай талап кыларын баары билет. Бирок өз баласына залакасы тийип калбасын деп эч ким ачык айта албайт. Мен ошол акчаны төлөбөйм деп ачык айтып, мугалимдердин балээсине калдым. Бир жолу мага ата-энелер комитетинен акча төлөбөйсүңөрбү деп чалышкан. Мен ал сөздү диктофонго жаздырып алып, социалдык кызматкерге угузгам. Ошондон баштап бизге болгон мамиле бузулду. Кызыма сабак учурунда эле кысым көрсөтүп, сендей кыздар окуй албайт деп айтышчу экен. Кийинчерээк "кызың майып, мындай кыздар эркекти эрте каалап баштайт" деген ыплас сөздү кызыма угуза айтып салышкан", — деди Орозбаева. 

Окуй албагандан кийин өлүп эле калайынчы?..

Ошондой катаал күндөрдүн биринде секелек өз өмүрүнө кол салууга аракет кылган. Элиза кан тамырларын кесип жаткан жеринен апасынын курбусу Бүажар Малдыбаева капысынан көрүп калган. Окуяны ал төмөнкүчө айтып берди. 

© Фото / Бегимай БакашеваБиздин бүгүнкү каарман 17 жашар Элиза Орозбаевада анын бири жок. Мектептен чыгып калып, үйүндө отурганына эки жыл болду.
Биздин бүгүнкү каарман 17 жашар Элиза Орозбаевада анын бири жок. Мектептен чыгып калып, үйүндө отурганына эки жыл болду. - Sputnik Кыргызстан
1/4
Биздин бүгүнкү каарман 17 жашар Элиза Орозбаевада анын бири жок. Мектептен чыгып калып, үйүндө отурганына эки жыл болду.
© Фото / Бегимай БакашеваКыздын мектеп курагы өтүп баратканына карабай, 8-класстан өйдө көчпөй калгандыгына ким күнөөлүү?
Кыздын мектеп курагы өтүп баратканына карабай, 8-класстан өйдө көчпөй калгандыгына ким күнөөлүү? - Sputnik Кыргызстан
2/4
Кыздын мектеп курагы өтүп баратканына карабай, 8-класстан өйдө көчпөй калгандыгына ким күнөөлүү?
© Фото / Бегимай БакашеваКаарманыбыз балдардын церебралдык параличи менен жабыркайт. Бала кезинен бери колу-буту жакшы кыймылдабай, коляскада отурат.
Каарманыбыз балдардын церебралдык параличи менен жабыркайт. Бала кезинен бери колу-буту жакшы кыймылдабай, коляскада отурат. - Sputnik Кыргызстан
3/4
Каарманыбыз балдардын церебралдык параличи менен жабыркайт. Бала кезинен бери колу-буту жакшы кыймылдабай, коляскада отурат.
© Фото / Бегимай БакашеваЭнеси Айгүл Орозбаева жалгыз бой эне, үй-бүлөнүн финансылык абалы оор. Анын айтымында, кызы окуп жүргөн кезде мектеп фондусуна ата-энелер ыктыярдуу төлөй турган 2600 сомду бере алган эмес.
Энеси Айгүл Орозбаева жалгыз бой эне, үй-бүлөнүн финансылык абалы оор. Анын айтымында, кызы окуп жүргөн кезде мектеп фондусуна ата-энелер ыктыярдуу төлөй турган 2600 сомду бере алган эмес. - Sputnik Кыргызстан
4/4
Энеси Айгүл Орозбаева жалгыз бой эне, үй-бүлөнүн финансылык абалы оор. Анын айтымында, кызы окуп жүргөн кезде мектеп фондусуна ата-энелер ыктыярдуу төлөй турган 2600 сомду бере алган эмес.
1/4
Биздин бүгүнкү каарман 17 жашар Элиза Орозбаевада анын бири жок. Мектептен чыгып калып, үйүндө отурганына эки жыл болду.
2/4
Кыздын мектеп курагы өтүп баратканына карабай, 8-класстан өйдө көчпөй калгандыгына ким күнөөлүү?
3/4
Каарманыбыз балдардын церебралдык параличи менен жабыркайт. Бала кезинен бери колу-буту жакшы кыймылдабай, коляскада отурат.
4/4
Энеси Айгүл Орозбаева жалгыз бой эне, үй-бүлөнүн финансылык абалы оор. Анын айтымында, кызы окуп жүргөн кезде мектеп фондусуна ата-энелер ыктыярдуу төлөй турган 2600 сомду бере алган эмес.

"Бир жолу үйүнө келсем, Элиза ары карап олтуруптур. Карасам, бир колун лезвия менен кескилеп бүтүп, экинчи колуна өтүптүр. Мени карап кантип өлүш керек деп сурап коет. Эмне болду десем, мени мугалимдер башың иштебейт, сен окуй албайсың, эч нерсеге жарабайсың деп айтышты. Окуй албагандан кийин өлүп эле калайынчы дейт. Мен алдап-соолап лезвияны колунан алдым. 

"Сен мени менен англисче сүйлөшө баштадың (Бүажар Малдыбаева англис тилинен мугалим — ред.), компьютерде иштей аласың, орусча билесиң, анан кантип сенин мээң иштебейт. Эч кимди укпа" деп экөөбүз кучакташып алып көпкө ыйлап отурдук", — деди Малдыбаева. 

Англис тили демекчи, Элиза окуудан чыгып калгандан кийин апасы аны Кыргызстандагы Америка элчилиги атайын майып балдар үчүн уюштурган тил курсуна алып барган. Ошондон тарта Элизанын тилге кызыгуусу артып, ал курсту ийгиликтүү аяктады. Уюштуруучулар Элизанын зээндүүлүгүнө баа берип, анын жетишкендиктерин видеого тартып, YouTube ресурсуна жүктөшкөн. Аны чет элдиктерге чейин көрүшүп, арабиялык бир жаран кыздын бир жылдык курсун камсыздап берем деп өз мойнуна алган экен. Азыр Элиза ошол адамдын демөөрчүлүгү менен англис тиги курсуна барып жатат. 

Элизанын артынан пайда көргүсү келген депутат

Орозбаеванын айтымында, кызы мектептен чыгып калгандан бери даттанбаган, жардам сурабаган жери калбаптыр. 

Балдар үйүнөн башталган өмүр. Карылар үйүнө баргысы келбей, гаражда жашаган аксакал - Sputnik Кыргызстан
Балдар үйүнөн башталган өмүр. Карылар үйүнө баргысы келбей, гаражда жашаган аксакал
"Мектептен Биринчи Май райондук акимиатындагы балдардын иши боюнча комиссияга баргыла деди. Ал жакка барсак, мектеп менен элдешкиле дейт. Мен мектеп менен урушкан жокмун да, алар менин баламды кордошту. Психихолог ал мектеп жакпаса кетип калгыла дейт. Министрликке дагы кайрылгам, жыйынтык болгон жок. Аягында жок дегенде материалдык жактан колдоо болоор бекен деп депутаттарга, министрлерге кайрыла баштадык. Бири дагы кол сунган жок. Бир гана ошол кездеги Социалдык коргоо министри Кудайберген Базарбаев абалымды түшүнүп, кичүү кызымды бала бакчага киргизип берди. Ал кишиге ыраазымын", — деди кыздын энеси.

Ал төбө чачты тик тургузган бир окуя туурасында сөз арасында кыстара кетти. 

"Ошентип аткаминерлердин эшигин жыртып жүрүп, бир депутатка кайрылып калдым. Атын атабай эле коеюн, "биз майып кызга деп акча бөлдүрөбүз, бирок, каражатты тең экиге бөлөбүз деп ачык эле айтпадыбы. Мен көз жашымды тыя албай, ошол акча өзүңөргө буюрсун дедим да чыгып кеттим", — деди Орозбаева. 

Кызымдан кыйын адам чыгарына ишенем

Учурда Элизанын апасы үч баласын багыш үчүн үйүнөн заказ алып кийим-кече тигип, сувенирлерди жасайт. Элиза дагы жөн отурбай апасына жардам берип, майда-чүйдөсүн кармалашып турат. 

Помощь семье Гульмире Жакыповой у которой шестеро детей - Sputnik Кыргызстан
Өзгөн: эки баласы майып үй-бүлөгө кайрымдуулук фонду там салып берди
"Кызым кайчыны өзү кармап кесе албайт. Ал эми сувенирлерге жиптерди тагып, гүлдөрдү чаптаган сыяктуу майда иштерине жардам бере алат. Фантазиясы абдан жакшы. Сувенирлерди кооздоп жатканда мен ойлонбогондорду сунуштайт. Элиза менен жакындан таанышкан киши акылы тунук, ой-жүгүртүүсү мыкты экенин дароо түшүнөт. Ушуну бир гана мугалимдер көрбөй койду. Балким, көрмөксөн болуп жатышкандыр. Мен алардан кызымдын эки жылдык окуусу калды, мектепти бүтүп алсынчы деп бир гана нерсени сурангам. Үйгө камап алып жинди дей берсең, соо киши деле жинди болуп кетет да. Кадимки лампочканы чыгарган адамды мугалимдери учурунда бул жинди, окуй албайт деген чечим чыгарышкан экен. Ушундай адамдар орусча айтканда "изгой общества" болуп калып жатпайбы. Мен кызымдан кыйын адам чыгарына ишенем", — дейт апасы. 

Элиза: Instagram баракчама мага 50 адам катталган 

Элиза башка курдаштарындай эле компьютер, интернет, социалдык тармактарды колдонот. Бирок компьютерде отурганда көпчүлүк убактысын социалдык тармактарга, курбуларынын сүрөттөрүнө лайк басууга эмес, англис тили боюнча видео сабактарды көрүүгө арнайт. 

"Англис тиги боюнча атайын курс бар. Ага күндө эртең менен барып келебиз. Үйдөн Бүажар эже экөөбүз англисче сүйлөшөбүз. Тигил жактагы эжекелер да мени мактап, жакшы мамиле кылышат. Ал жактан өзүмдү жакшы сезем", — дейт селки. 

Келечекте котормочу болгусу келген Элиза чет өлкөдө жашоону кыялданат. Өзү интернеттен Англия жана Түркия мамлекеттери тууралуу көп окуп, ал жактарда майыптарга мамиле жакшыраак деп ишенет. 

Курдаштарынан калышпай, быйыл Instagram баракчасын ачкан. 

"Өзүм Instagram баракчасына катталып алгам. Азыр мага 50 адам жазылды. Классташтарым менен WhatsApp менен сүйлөшүп турам", — дейт кыз. 

Мектептен жооп

Окуянын чоо-жайын тактап, Элиза мындан ары мектепте окуй алар-албасын билели деп Бишкектеги №33 мектеп-гимназиясына кайрылдык. Биздин суроолорубузга мектептин социалдык педагогу Озода Зайфудинова жооп берди. 

Мугалим Элиза Орозбаева №33 мектепте окуй турганын, бирок эки жылдан бери 8-класстан 9-класска көчпөй жатканын айтты. 

Жашоо үчүн күрөш: 17 ирет операция жасалган майып кыз кантип акча таба баштады - Sputnik Кыргызстан
Жашоо үчүн күрөш: 17 ирет операция жасалган кыз кантип акча таба баштады
"Буга биздин да, Элизанын да күнөөсү жок, бир гана апасынын катачылыгы. Шарт боюнча жыл сайын апрель айында балдардын церебралдык параличи менен жабыркаган балдар атайын комиссиядан өтүшү керек. Комиссия баланы үйдөн окутуш керекпи, жокпу, канча мүнөттөн окушу керектигин аныктап берет. Апрелден баштап берилген кагаздын мөөнөтү бүттү, комиссиядан өткүлө деп апасына бир нече ирет эскерткенбиз. Бирок ал мектеп берген мүнөздөмөгө макул болбой, барбай жатат. Анын талабы боюнча биз кызын 45 мүнөт окутушубуз керек экен. Мындай балдарды 30 мүнөттөн ашык окутууга болбойт, анткени эрте чарчашат", — дейт Зайфудинова. 

Ал эми акча каражатына жана Элизанын дарегине айтылган ар кандай сөздөр боюнча сураганыбызда, айтылгандар чындыкка жатпайт деген оюн айтты. 

"Элизанын абалындагы балдар бекер окушат. Андыктан апасынын акча сурады дегени калп. Ал эми биздин мектепте чын эле шарттар каралган эмес. Мисалы, пандустар жок. Чоңоюп калган кызды 2-3-кабатка ким алып чыгып, түшүп турат? Мурда кызды өзүңөр алып келип, окутуп кетип тургула деп айтканыбызда, апасы бир аз убакыт алып келип жүрдү. Кийин чыдабай койду окшойт", — деди мугалим. 

Ошондо кандай жыйынтыкка келебиз? Мектеп менен ата-эненин келише албастыгынын айынан бир өспүрүмдүн, болгондо дагы социалдык жактан аялуу өспүрүмдүн тагдыры чайналып турат. Жашы мектеп курагынан өтүп баратса дагы, 8-класстан көчпөй келет. 

Тамада Эрнис Турганбаев - Sputnik Кыргызстан
Арабадагы тамада: майыптык ишиме жолтоо кылбайт, азыр оокатыбызды оңдоп алдык
Мектеп жетекчилиги Элизанын апасы кызын комиссиядан өткөрүп, справкасын алып келери менен кайрадан 8-класска отургузуп, жок дегенде 9-классты бүтүрүп, документ берүүгө даяр экенин айтууда. 

Мына ушинтип эки тарап бир пикирге келе албай жаткан учурда Элизанын кичинекей төрт дубалдын ичиндеги көнүмүш жашоосу уланууда. Жанында англис тилиндеги видеолорду көрсөткөн жалгыз ноутбук. Болгон үмүт ошондо. Анткени эл катары мектепте билим алар-албасы белгисиз…

Окуянын мындан аркы жүрүшүнө сөз кырыбызды салып турабыз.

Жаңылыктар түрмөгү
0