09:51 09 Бештин айы 2016
Түз эфир
Президент Алмазбек Атамбаев маалымат жыйын учурунда

Атамбаев: "Себат" жабылбайт, бирок аталышы өзгөрөт

© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Коом
Кыскача шилтеме алуу
Алмазбек Атамбаевдин 2016-жыл жыйынтыгы боюнча маалымат жыйыны (9)
29710

Буга чейин Түркия ТИМ башчысы эки ирет Фетхуллах Гүлендин жолдоочуларына карата чара көрүүгө чакырып, болбосо эки өлкөнүн мамилеси өзгөрө турганын белгилеген.

БИШКЕК, 1-дек. — Sputnik. Кыргызстандагы "Себат" мектептери жабылбай турганын президент Алмазбек Атамбаев маалымат жыйын учурунда билдирди.

Эскерте кетсек, 16-июлга караган түнү Түркияда мамлекеттик төңкөрүш жасоого аракет көрүлүп, расмий Анкара буга динатячы Фетхуллах Гүленди айыптуу деп айткан. Мындан кийин өлкөнүн тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу ЖМК аркылуу эки ирет Кыргызстанда төңкөрүш болушу мүмкүндүгүн белгилеп, аларга карата кандайдыр бир чара көрүү зарылдыгын, болбосо эки мамлекеттин алакасы бузула турганын кошумчалаган. Негизинен мында "Себат" мектептеринин жабылышы талап кылынган.

КР ТИМи менен Атамбаев буга кескин жооп берип келген.

"Себат" мектептерин Фетхуллах Гүлендин саясий уюму менен алмаштырбаш керек. Балким, Түркияда ошондой болушу мүмкүн. Бизде андай эмес. Ал мектептердин кантип иштеп жатканын билем, ошондой болсо да, аталган уюмдун уставдарын кайра иштеп чыгуу тапшырмасын бердим. Балким, Билим берүү министрлиги байкоочу кеңештин курамына кирет. Кыязы, аталышын "Сапат" деп өзгөртөбүз. Бул мектептерди жаппайбыз", — деди президент. 

Маалымат жыйында өлкө башчы бизге акыл үйрөткөн министрдин тизгинин тартуу боюнча Эрдоган менен сүйлөшкөнүн айтып берди.

Тема:
Алмазбек Атамбаевдин 2016-жыл жыйынтыгы боюнча маалымат жыйыны (9)

Тема боюнча

Түрк министри Кыргызстанда баш аламандык болушу мүмкүндүгүн кайтадан эскертти
Атамбаев: Түркия жардам берсин, бирок шарт коюунун кереги жок
Белгилер:
маалымат жыйын, Себат, Алмазбек Атамбаев

ЭҢ МААНИЛҮҮ